АКШ өкүлү тыңчылык саясатты коргоого алууда

Улуттук чалгын кызматынын директору Жеймс Клэппер: “Мындай аракеттер АКШнын тыңчылык тармагынын алдыңкы сабында турат” - деп белгилеген.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улуттук чалгын кызматынын директору Жеймс Клэппер: “Мындай аракеттер АКШнын тыңчылык тармагынын алдыңкы сабында турат” - деп белгилеген.
Published

АКШнын чалгын кызматынын башчысы конгресс мүчөлөрүнүн алдында чет элдик лидерлердин пландарын билип туруу Американын тыңчылык саясатынын урунтуу багыты экенин айтты.

Улуттук чалгын кызматынын директору Жеймс Клэппер: “Мындай аракеттер АКШнын тыңчылык тармагынын алдыңкы сабында турат” - деп белгилеген.

Ал ошону менен бирге атайын кызматтар айрым бир мүчүлүштүктөргө жол бергенин моюнга алып, бирок, америкалыктарга байланыштуу эч кандай мыйзам бузуу болгон жок жана чет өлкөлүктөрдү “иргебестен” тыңшоо болгон эмес деп белгилеген.

АКШнын атайын кызматтарынын өкүлдөрү алар Европадагы өнөктөрүн тыңшоого алган жана америкалыктар тууралуу мыйзамсыз түрдө маалыматтарды топтогон деген айыптоолорго жооп кайтарышууда.

Мындай айыптоолор АКШнын жашыруун документтери мурдагы тыңчы Эдвард Сноуден тарабынан ачыкка чыгып кеткенден кийин жарыяланган.

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин башчысы, генерал Кит Александер өз кезегинде, өлкөгө кол салууга жол бергенге караганда, конгресстин алдында жооп берүү алда канча туура экенин белгиледи.

Анын айтымында Франция, Испания жана Италия медиасында жарыялангандай агенттик бул өлкөлөрдөгү миллиондогон телефондорду тыңшайт деген кабарлар караандай калп.

Генерал Александер чет өлкөлүк басылмалар жазып чыккан маалыматтардын көбү Европанын чалгын кызматтары тарабынан топтолуп, АКШ агенттигине өткөрүлгөнүн айтты.