Орусия: жаңкечти аял автобусту жардырды

Автобуста 40тай жүргүнчү болгон.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Автобуста 40тай жүргүнчү болгон.
Published

Орусиянын Волгоград шаарында автобуста жардыруу болуп, беш адам мерт кетти. Расмийлер атайын даярдалган бомбаны жанкечти аял жардырганын билдирүүдө.

Орусиянын расмийлери Түндүк Кавказдагы Дагестандан чыккан аял автобуста өзүн жардырганын, ал исламчыл согушкердин өнөктөшү болгонун билдирди. Жергиликтүү саат боюнча түшкү саат экиде орун алган бул окуядан 20дай адам жаракат алды.

Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы билдиргендей, автобуста кырктай адам болгон. Волгограддагы бардык автобустар артка чакырылып, текшерүүдөн өткөрүлдү.

Бул жардыруудан аман калган кыздын атасы “Эхо Москвы” радиосуна: “Бул өтө чөң жарылуу болду. Автобуста толтура студенттер бар болчу”,-деп билдирди.

Окуя тууралуу кабар таркаган алгачкы сааттарда автобуста газ канистрасы жарылышы мүмкүндүгү айтылган.

Волгоград Москвадан 900 чакырым, Түндүк Кавказдан 650 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин билдиргендей, бул окуя боюнча террорчулук, киши өлтүрүү жана мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Маркин Дагестанда туулган жанкечти аялдын тек-жайы аныкталганын, ал 30 жаштагы Наида Ахиялова экенин тастыктады.

“Иликтөөчүлөр билдиргендей, ал аялдамалардын биринен автобуска отурган. Көп өтпөй бомба жарылган. Бул маалыматты аман калган жүргүнчүлөр да тастыкташты”,-деди Владимир Маркин.

Соңку жылдары Орусияда исламчыл согушкерлердин “кара жесир” атка конгон жакындары ар кыл бомба жардырууларын уюштуруп келишет. Маселен 2010-жылы бир жанкечти аял Москва метросунда өзүн жардырып, андан 35тен ашык адам мерт кеткен.

Чечнядагы сеператисттер менен Орусиянын күчтөрү ортосунда соңку жыйырма жылда эки согуш катталган. Күч колдонуу аракеттери Түндүк Кавказга, анын ичинде калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Ингушетия менен Дагестанга тарап жатканы айтылып келет.

Волгограддагы жарылуу Орусиянын Сочи шаарындагы кышкы олимпия оюндарына саналуу ай калганда орун алды.