Найроби: исламчылар көп кишини барымтада кармап турат
Published
Кениянын баш калаасы Найробидеги Вестгэйт соода борборунун имаратынан калың түтүн булап чыгууда.
Сомалиден чыккан исламчы “аль-Шабаб” тобунун согушкерлери имараттын ичинде бир топ кишини барымтада кармап турушат.
Соода борбору турган тараптан ок атышуу жана бир нече жардыруунун добушу угулган.
Буга чейин Кениянын аскерлери курчоону токтотуп, барымтадагылардын өмүрүн сактап аклууга колунан келген бардык аракетти көрүп жатканын билдиришкен.
Кызыл Крест уюмунун айтымында, 69 адам набыт болду, 63 кишинин дайыны белгисиз. (Би-Би-Синин түз эфири соңуна чыкты)