CEOPS: Өспүрүмдөр онлайн опузалоого кабылууда

Британиядагы балдарды коргоо уюму дүйнөдөгү жүздөгөн өспүрүмдөр интернеттеги сексуалдык жүрүм-турумдары үчүн шантажка кабылып жатканын билдирип чыкты.
Балдардын эксплуатациядан жана интернеттеги коркунучтардан сактоого багытталган CEOPS борборунун өкүлү Энди Баркердин айтымында, сырыңды ачам деп опузалоо көрүнүштөрүнүн натыйжасында айрым өспүрүмдөр өз жанын кыйганга чейин барган.
Интернет аркылуу шантаж кылгандар алгач өздөрүн өспүрүмгө жашташ катары тааныштырып, аны жыныстык катнашка үндөп, жашыруун сүрөттөрүн алмашууга чакырышкан. Андан соң ал өспүрүмдү сүрөттөрүңдү ата-энеге же досторуңа көрсөтөбүз деп коркутуп, экстремалдуу сексуалдык аракеттерге барууга да мажбур кылышкан.
Британиялык уюмдун өкүлү буга окшогон 420дай окуя катталганын, мындай коркутууга кабылган балдардын арасында сегиз жашка чейинкилер да бар экенин билдирди. Бул өңдүү окуялар дүйнөнүн төрт материгинде катталган кошумчалады.

























