Индияда чуулгандуу зордуктоо фактысы боюнча сот өкүмү чыгууда

Топтошуп зордуктоо фактысы боюнча айыпталгандарды сотко алып келе жатышат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Топтошуп зордуктоо фактысы боюнча айыпталгандарды сотко алып келе жатышат.
Published

Индиянын соту өткөн жылы декабрь айында 23 жаштагы студент кызды автобуста зордуктап өлтүргөн төрт кишини күнөөлүү деп тапты. Сот өкүмү шаршембиде жарыяланып, айыпталуучулар өлүм жазасына тартылат деп айтылууда.

Бул төрт кишинин адвокаттары сот чечимине каршы кайра арыз менен кайрылаарын билдиришти. Аталган зордуктоо окуясынан кийин өлкөдө нааразылык толкундоолору чыгып, зордуктоо боюнча мыйзамдар катаалдаштырылган. Иш боюнча өткөн өспүрүм бала өз алдынча соттолуп үч жылга кесилген. Ал эми алтынчы киши абакта каза тапкан.

Азияда төрт эркектин бири зордуктоого аралашкан

Ал тапта зордуктоо фактылары боюнча Бириккен улуттар уюмунун докладынын алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык, Азия жана Тынч океан аймагындагы эркектердин төрттөн бири жашоосунда кеминде бир аялды зордуктаганын мойнуна алган. Бул окуялар көбүнесе үй-бүлөлүк турмушта жана ар кыл деңгээлдеги алака-катыш маалында орун алган. Изилдөөчүлөр алты өлкөдөгү он миңдей эркек менен сүйлөшүп чыгышкан.

Индиядагы соттук жараян активисттердин демонстрациясы менен коштолду.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиядагы соттук жараян активисттердин демонстрациясы менен коштолду.

Жаңы Гвинеядагы Папуастар аймагында эркектердин 62 пайызы зордуктоого барганын мойнуна алышкан. Индонезиянын чыгыш тарабында болсо бул көрүнүш сурамжылоого катышкан эркектердин дээрлик жарымына мүнөздүү болгон. Бангладеште салыштырмалуу төмөнкү көрсөткүчтөр катталып, 10 адамдын бирөө зордуктоого катышканын айткан. Камбоджа менен Кытайдын айрым бөлүктөрүндө ар бир бешинче эркекке бир зордуктоо фактысы туш келген. Сурамжылоого катышкандар бул көрүнүштүн башкы себебин көңүл ачуу менен коштолгон сексуалдык укук катары сыпатташкан. Зордуктоого катышканын мойнуна эркектердин көбү өз кадамы үчүн мыйзам алдында жоопко тартылбаганын белгилешкен.

“Лансет” басылмасына бир бөлүгү жарыяланган бул изилдөө зордуктоо, аялдарга күч колдонуу фактылары канчалык кенен жайылганын көрсөткөн жана эркектерден эмне үчүн мындай кадамдарга барасыз деп сураган бир нече өлкөнү камтыган алгачкы иликтөө болуп саналат.