АКШ Сирия өкмөтү химиялык курал колдонгонунан күмөн санабайт

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия өкмөтүн “негизсиз түрдө химиялык курал колдонду” деп айыптады. “Өткөн аптада Сирияда болгон окуя дүйнөлүк коомчулуктун үрөйүн учурду”, - деп белгиледи мамкатчы.
Маалымат жайынында Жон Керри Сирия өкмөтү химиялык курал колдонгону тууралуу кабарлар “ишенимдүү жана күмөт жаратпайт” деп мүнөздөгөн.
Керринин айтымында АКШнын колунда Сириядагы химиялык кол салуулар тууралуу кошумча мааламыттар бар жана Америка жакында бул тууралуу эл аралык коомчулукту кабардар кылат.
АКШ расмийи андан тышкары Сирия өкмөтү эл аралык эксперттерди өлкө ичине киргизүүнү атайылап создуктурду деп эсептейт. Анын айтымында, Дамаск химиялык калдыктарды тазалоо үчүн же өзүнөн-өзү жоголуп кетиши үчүн убакытты чоюуга аракет кылган.
Ушул тапта АКШ жана анын өнөктөрү Сирияга тышкы кийилигишүү планын караштырып жатышат. Ал эми Дамаскынын жакын өнөгү Орусия химиялык курал жөнүндө маалыматтарды кылдат иликтөөгө чакырууда.

























