Фукушимада капмада катылган радиоактивдүү суу агып кетти

Япониядагы Фукушима атомдук станциясынын оператору кеминде 300 тоннадай өтө радиоктивдүү суу убактылуу сактоочу жайдан агып кеткенин билдирди. Кечээ белгилүү болгон бул кырсык биринчи деңгээлдеги өзөктүк окуя катары сыпатталууда. Мындай деңгээл “Эл аралык өзөктүк окуялардын шкаласы” боюнча төмөнкү деп эсептелет. Деген менен бул Фукушима атомдук станциясы кырсыкка учураган 2011-жылдан берки Япония ачык жарыялаган биринчи өзөктүк кырсык болуп жатат.
Фукушима станциясынын өйдө жагындагы дөңсөөдө миллиондогон тонна радиоактивдүү сууну сактоочу миңдеген эбегейсиз чоң кампалар курулган. Эми алардын биринен 300 тоннадай суу агып кетти. Бул өтө көп көрүнбөгөнү менен булганган суунун ар бир литринде 80 миллион беккерелге чукул радиация бар. Япониянын “Киодо” маалымат агенттиги билдиргендей, суу аккан кампанын сыртындагы көлчүктө 100 миллизиверт/саатка жеткен радиация катталган. Бул Япониядагы ядролук өндүрүштө иштеген кызматкерге уруксат берилген бир жылдык радиациянын көлөмүнө барабар.
Фукушима станциясын иштеткен TEPCO компаниясы буга чейин да башка катаал кырдаалга туш болгон. Эки жума мурда компания кыйроого учураган реактордун имаратынан күнүнө 300 тоннадай булганган суу деңизге куюлуп жатканын мойнуна алган. Азыр эми радиоактивдүү сууну деңизден алыс аймакта сактоочу система да кыйынчылыкка туш болууда.




























