Шаарды көрктөндүргөн кара куурайлар

Көчө боюна тигилген гүлдөрдүн арасынан мыйзамсыз өсүмдүктөрдүн жыйырма чакты түбүн табышкан. Кара куурайды алгач жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коопсуздук камераларындагы жазууларды текшерип жатып байкап калышкан.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көчө боюна тигилген гүлдөрдүн арасынан мыйзамсыз өсүмдүктөрдүн жыйырма чакты түбүн табышкан. Кара куурайды алгач жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коопсуздук камераларындагы жазууларды текшерип жатып байкап калышкан.
Published

Британиянын Нью-Порт калаасындагы бийликтер шаардын ичин көрктөндүрүү үчүн тигилген гүлдөрүн арасына кара куурай тигип кеткен кишилерге издөө салды. Көчөнүн чок ортосуна коюлган гүл кутуларына өсүп чыккан кара куурайды расмийлер коопсуздук видеокамераларындагы жазуулардан көрүп калышкан.

Көчө боюна тигилген гүлдөрдүн арасынан мыйзамсыз өсүмдүктөрдүн жыйырма чакты түбүн табышкан. Кара куурайды алгач жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коопсуздук камераларындагы жазууларды текшерип жатып байкап калышкан.

Бирок, гүл өстүргөн жерлерге полицияны жөнөтүшкөндө маң заттын уруктарын белгисиз бирөөлөр эчак жыйнап кетишкен экен. Кара куурайларды көчөдөн ары-бери өткөн кишилер дагы көрүп таң калганын айтышты.

Жергиликтүү бизнесмен Дин Беддис: “Бул абдан кооз өсүмдүк экен. Бирок, муну биринчи жолу көргөндө кара куурай экенин билген эмесмин”, - деп башын чайкады.

Шаардык бийликтер гүлдөрдүн арасынан кара куурай табылганын абдан олуттуу кабыл алышууда. Нью-Порттун расмийлери кара куурайды шаардагы өспүрүм балдар же кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрү эккен болушу мүмкүн деп божомолдошот.

Алар бул окуяга байланыштуу полицияга арыз жолдоп, иликтөө иштерин жүргүзүүнү талап кылышкан. Анткени менен коопсуздук кызматкерлери шектүүлөрдү табуу абдан кыйын дешүүдө. Себеби, гүл ичиндеги кара куурайлар видеодо жазылып калганы менен өзүн эчак жыйнап кетишкен.