Бразилияда массалык толкундоолор кайрадан күч алды

Айрым маалыматтарга караганда, демонстрацияга 300 миңдей киши катышты. Мэрия жана губернатордун кеңсеси күчөтүлгөн кайтарууга алынды. Бир катар дүкөндөр жана банктар жабылып, эшик терезелери калкаланган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым маалыматтарга караганда, демонстрацияга 300 миңдей киши катышты. Мэрия жана губернатордун кеңсеси күчөтүлгөн кайтарууга алынды. Бир катар дүкөндөр жана банктар жабылып, эшик терезелери калкаланган.
Published

Бразилияда нааразылык акциясынын катышуучулары менен полиция ортосундагы кагылышуулар кайрадан күч алды. Рио-де-Жанейродо миңдеген кишилер көчөгө чыгышты. Полиция шаардык мэриянын жанында аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, бери дегенде 29 киши жабыр тартканы кабарланууда.

Айрым маалыматтарга караганда, демонстрацияга 300 миңдей киши катышты. Мэрия жана губернатордун кеңсеси күчөтүлгөн кайтарууга алынды. Бир катар дүкөндөр жана банктар жабылып, эшик терезелери калкаланды.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы Сальвадор калаасында күч органдары демонстранттарды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана желим окторду колдонду. Баш калаа Бразилияда нааразы болгондор Тышкы иштер министрлигинин жанына өрт коюшту.

Сан-Пауло штатындагы Рибейран-Прету шаарында 18 жаштагы демонстрант каза тапканы айтылууда. Бул Бразилиядагы толкундоолордун биринчи курмандыгы деп белгиленүүдө.

Бразилиянын президенти Дилма Русеф келерки аптага Японияга пландалган сапарын токтотту. Би-Би-Си кабарчысынын айтымында бул өлкөдөгү кырдаалдын канчалык олуттуу экенин көргөзүүдө.

Мындан мурдараак Бразилиянын ири калаалары автобус жана метродо жүрүү акыларын кайрадан төмөндөткөнүн жарыялашкан. Жол киренин кымбатташы толкундоолордун башталышына себеп болгон эле.

Бирок, бааларды төмөндөтүү Бразилиядагы толкундоолорду басаңдаткан жок. Коррупцияга жана Бразилияда 2014-жылы өтүүчү дүйнөлүк футбол чемпионатынын чыгымдарынын өсүшүнө каршы нааразылык токтобой жатат.

“Кеп баада эмес. Бизге өлкөдөгү саясий система жакпайт. Өзгөрүүлөрдү каалайбыз,” – деп айткан 18 жаштагы студент кыз Камила Сена Ассошиэйтед пресс агенттигине берген маегинде.