
Эки жумадан бери Түркияда өкмөткө каршы акциялар басылбай жатат. Парктын ордуна соода борборун курууга каршы башталган нааразылык бара-бара премьер Эрдогандын өзүнө каршы масштабдуу акцияга айланды.
Би-би-синин кабарчысы Марк Лоуэндин айтымында, полиция күчтөрү көздөн жаш агызган газ, суу жана желим октор менен аткылап, демонстранттарды Таксим аянтынан Гези паркын көздөй кууп чыгарышты. Демонстранттардын көпчүлүгү таркабай, парктын ичине чатырларды тигип, лагерь жасап алышты.
Стамбулдун губернатору Хюсейн Авни Мутлу Гези паркындагы чатыр лагерди жок кылуу полициянын милдетине кирбейт деп билдирди.
"Биздин максат – Ататүрктүн эстелиги менен Ататүрк атындагы маданий борбордон плакаттар менен желектерди алып салуу, - деп Стамбудун губернатору Twitter желесине жазыптыр. – Биздин башка максатыбыз жок, Гези паркы жана Таксим аянтына тийбейбиз ".
Өткөн түнү полиция менен кагылышуу Анкарада да болду. Кабарчыбыздын айтымында, өкмөт кыязы оппозиция активдүү баш көтөрүп жаткан бардык райондордо катуу көзөмөлгө алганы жатат.
12 күндүк каршылык
Спецназ күч колдонгон окуя Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган каршылык акциясына чыгып жаткандардын лидери менен жолугушууга макул болгондон кийин болуп отурат. Бирок түн ичинде болгон окуялар бул жолугушууга тоскоол болушу мүмкүн.
Өткөн жумада Эрдоган өзүнүн жактоочуларынын алдында сүйлөп жатып, Өкмөттүн чыдамынын да чеги бар экенин баса белгилеп, каршылык акцияларынын катышуучуларын мародерлор деп атаган эле.
Түркияда көп адам катышкан нааразылык акциялары 1-июнда Стамбулдун борбордук болүгүндөгү Гези паркына соода борборун курууга каршы туруу максатында башталган.
Түркиянын премьери Өкмөт парктагы курулуш боюнча өзүнүн планынан баш тарпай турганын эскертүүдө.
Гези паркын коргоп каршылык акциясына чыккан адамдарга бара-бара түрк премьери менен анын башкаруучу партиясына нааразы болуп кошулгандар көбөйө берип, акыры көп шаарларды кучагына алган масштабдуу акцияга айланып кетти.
12 күндөн бери басылбай жаткан каршылык акцияларында төрт адам көз жумду, беш миңден ашык адам жарадар болду. Жүздөй адам камалды.
Түркиядагы каршылык акцияларынын географиясы





