BBC

BBC navigation

Висконсинде атылган октон үч адам көз жумду

Соңку жаңыланышы: 22-октябрь, 2012 - 08:04 GMT

Висконсин штатындагы Брукфильд шаарында сулуулук салонунда чыр-чатактын айынан ок атылып, үч адам мерт болуп, төртөө жарадар болду.

Полиция окуя болгон жерди курчап, кылмышты иликтөөнү баштады.


Полицейлер бул кылмышка 45 жаштагы Рэдклифф Хотонду күнөлүү деп шектеп жатышат. Ал өзүн өзү атып өлтүрүп, сөөгү табылганы айтылууда.


Сулуулук салонунда куралчан киши жүрөт деген кабар жетер менен бул жакка толтура полицейлер келди. Инцидент ички чыр-чатактан улам чыккан деп айтылууда.


Полиция адегенде “жасалма жардыргыч зат” табылганын айтып жаткан, бирок кийин бул маалымат туура эмес болуп чыкты.


Ак үйдүн администрациясы тараткан билдирүүдө Барак жана Мишель Обама “бул атышуунун “ курмандыктары жөнүндө кайгырып, алардын үй-бүлөсүнө кайрат сөздөрүн билдирип жатканы айтылат.


Бул Висконсин штатында быйыл экинчи жолу болуп жаткан массалык киши атуу окуясы.
Августта АКШ армиясынын ардагери Уэйд Майкл сикхтердин храмында аткан октон алты адам курман болгон.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.