Би-би-синин репортажынан кийин Украина УОК башкы катчысын иштен четтетти
Украинанын Улуттук олимпиадалык комитетинын башкы качысы Владимир Геращенконун Лондондо боло турган жайкы олимпиадага билеттерди бир нече миң фунтка сатууну сунуш кылып жатканын Би-би-синин иликтөөсү көрсөткөндөн кийин ал кызматынан четтетилди.

Квебекте жүргөн Украинанын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Сергей Бубканын айтымында, ал Киевке Геращенкого телефон чалып, ал жөнүндө Биби-синин жаңылыктарында айтылган маалыматтар текшерилип такталгычакты кызматынан четтетилерин билдирген.
Бубка ошондой эле Киевке тез учуп барып, Геращенконун ишмердигин текшерүү үчүн көз каранды эмес комиссия түзөрүн билдирди. Геращенко 1997-жылдан бери Украинанын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы болуп иштеп келатат.
Алып сатар журналист болуп чыкты
Биби-синин Лондондогу жаңылыктар редакциясы жүргүзгөн иликтөөнүн жүрүшүндө олимпиадага билеттерди сатуу иштери жүктөлгөн расмий агенттер билеттердин алып сатарлардын колуна өтүп кетишине бөгөт койгон эрежелерди бузуп жатышканын көрсөттү.
Би-би-синин кабарчылары Украинанын олимпиадалык комитетинин өкүлдөрү олимпиадалык оюндарга билет сатуу ниети бар экенин билгенден кийин өздөрүн Улуу Британиядан келген соодагер катары көрсөтүп, УОКтун башкы катчысы менен байланышкан.
Владимир Геращенко өзүн алып сатар катары тааныштырган Би-би-синин кабарчысына жүз билетке чейин нак акчага сата аларын билдирген.
Улуу Британиядагы Олимпиадалык жана Параолимпиадалык оюндар жөнүндөгү мыйзамдарда Олимпиада -2012 оюндарынын билеттерин алып сатарлар аркылуу сатуу кылмыш катары каралат. Бул үчүн 20 миң фунтка чейин акчалай айыппул салынат.
Дүйшөмбүдө Би-би-синин эмне үчүн олимпи адалык эрежелерди жана британиялык мыйзамдарды бузуп жатканы жөнүндө суроого Геращенко “Улуу Британияга билеттерди сатууну эч качан пландабагандыгын” билдирди.
Ал ошондой эле “билет сатуучунун жабышкак суроолорун бүтүрүү үчүн дипломатиялык сүйлөшүү жүргүзгөнүн” кошумчалады.
Скотленд-ярд тобокелге салбоону суранат
Сергей Бубка Геращенконун ишин текшерүү башталганы жөнүндө Эл аралык олимпиадалык комитетке билдирди жана Британиянын укук коргоо органдары кандай иликтөө иштерин жүргүзсө, ошол иштердин баарына катыша тургандыгын Олимпиада -2012 оюндарынын уюштуруу комитетинин башчысына да жеткирди.
Лорд Коэ өз кезегинде Лондон-2012 уюштуруу комитети Би-би-сини анын карамагындагы ишке тиешелүү маалыматтарды сурай турганын айтууда.
"Мен бул иштерге өтө олуттуу мамиле кылам, - деди Себастьян Коэ. – Сергейдин бул ишке дароо киришкени мени кубандырат. Биз үчүн билеттерди бөлүштүрүүнү ар кандай кыянат иштерден алыс кармоо абдан маанилүү ".
Лондон полициясы Би-би-сиге кайрылып, Владимир Геращенко жөнүндө репортажга байланышы бар материалдардын баарын берүүнү өтүндү.
Скотленд-ярд өз кезегинде жайкы олимпиадалык жана параолимпиадалык оюндарга билеттерди сатып алуунун эң коопсуз жолу – Лондон-2012 оюндарынын расмий сайты экенин эскерткен билдирүү таратты.
































