Каирдеги нааразылык толкундары басылбай жатат

Соңку күндөрдөгү зордук-зомбулуктан жабырлангандар көп
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соңку күндөрдөгү зордук-зомбулуктан жабырлангандар көп
    • Author, Жереми Боуен
    • Role, Би-Би-Си кабарчысы
  • Published

Египеддеги нааразылык толкундары басылбай турган кези. Демонстранттар өлкөнүн аскерий жетекчилери сунуштаган пландарды четке кагышууда.

Египеддеги кырдаал өлкөнүн мындан аркы тагдырын ким чечет деген суроонун айланасында өнүгүүдө. Жаңы Египедде элдин добушу менен шайланган өкмөт чечүүчү ролду аткарабы же генeралдардын таасири сакталып калабы?

Египедде королдук бийлик кулатылган 1952-жылдан бери аскерийлер өлкөнүн баардык президенттерин коштоп келет. Алар өлкө экономикасынын 20 пайыздан 40 пайызга чейинкисин көзөмөлдөйт деген божомолдор бар.

Генералдар мурдагы президент Хосни Мубарак элдик колдоодон чыкканына көзү жеткенде, ушул жылдын февраль айында аны бийликтен кетирүүгө түртүшкөн. Ошондон бери Египеддеги эң жогорку бийлик - аскерийлер жетектеген кеңеш болуп калды.

Аны фельд маршал Тантави башкарат. Тантави көп жылдар бою Хосни Мубарактын эң жакын аскерий кеңешчиси болгон.

Анын телеканалдар аркылуу бир жыл ичинде президенттик шайлоону өткөрүү жөнүндөгү убадасы аскерийлерге терең ишенген египеддиктерге жагышы ыктымал. Бирок, баш калаадагы Тахрир аянтында нааразылык өткөрүп жаткан он миңдеген кишилерди ынандыра алчудай эмес.

Кагылышууларда жыйырмадан ашуун киши набыт болгон
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кагылышууларда жыйырмадан ашуун киши набыт болгон

Көпчүлүк дагы деле фельд маршалдын кетишин талап кылып турат. Алар аскерийлер башкаруудан кетиши керектигин айтышууда. Демонстранттардын пикиринде, аскерий жетекчилердин максаты өлкөнү демократияга карай багытоо эмес, өздөрүнө ыңгайлуу шарт түзүүгө ыктайт.

Андан тышкары, өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы да, Хосни Мубарактын учурундагыдай эле экенин белгилешүүдө. Египедде келерки дүйшөмбү күнү алгачкы ирет демократиялык шайлоо өткөрөт деп күтүлүп жаткан.

Фельд маршал Тантави шайлоонун мөөнөтүн жылдарбай турганын айтты. Бирок, Тахрир аянтындагы атуулдар үчүн соңку күндөрдөгү зордук-зомбулуктар бул шайлоонун кунарын качыргандай болду.

Бир нече күн ичиндеги кагылышууларда жыйырмадан ашуун киши набыт болгон. Апта соңунда коопсуздук күчтөрү демонстранттарды Тахрир аянтынан сүрүп чыгарууга аракет кылганда кырдаал ансайын курчуп кеткен.