Австрия аялдардын чүмкөнүп жүрүүсүнө тыюу салды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Октябрдын башынан тарта Австрия расмий түрдө коомдук жайларда аялдардын жүзүн жоолук жана башка киймдер менен чүмкөп, жүзүн толук жашырып жүрүүсүнө тыюу салды.
Бул жерде кеп негизинен никаб жана бурка тууралуу болуп жатат.
Мыйзамга ылайык баш кийим кийгенде бешенеден тартып, ээкке чейинки кишинин жүзү ачык турушу керек. Бул жерде хиджабка тыюу салынбайт.


Мындан тышкары мыйзам боюнча медициналык жана клоундук бет каптарга да тыюу салынды. Аларды жумуш учурунда, элдик майрамдарда, карнавалдарда колдонсо болот.
Өлкө бийлиги жаңы мыйзам Австриянын салттуу нарк дөөлөттөрүн сактап калууга багытталган деп айтууда.
Мусулман коомчулугу мыйзамды сынга алып, австриялык мусулмандардын өтө аз бөлүгү гана никаб жана бурка кийишерин белгиледи. Эсептөөлөргө караганда, өлкө боюнча 150 аял ушул кийимдерди кийишет.
Туристтик бизнес өкүлдөрү дагы буга нааразы болуп жатышат. Тыюунун өзү мусулман өлкөлөрүнөн келген туристтерди чочулатышы мүмкүн дешет алар.
Франция менен Бельгияда бурка менен никабга 2011-жылы эле тыюу салынган. Ушул сыяктуу мыйзамдын долбоору азыр Нидерландиянын парламентинде каралып жатат. Улуу Британияда мындай тыюу салуу жок. (AbA)




























