Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Published
27-июнь, 2016
- Британия Европа Биримдигинен чыгууну тандагандан кийин, Европанын жетекчилери сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Ал тапта Британиянын министрлери финансалык базардагы олку-солкуну турукташтырууга аракет кылышууда.
- Британиядагы референдумдан кийин польшалык мигранттар тууралуу адепсиз сөдөрү бар баракчалар таратылып, полиция окуяны териштирүүдө.
- Дүйнөдөгү эң чоң бакалар тукум курут болуп кетүү коркунучунда. Окумуштуулар аларды сактап калыш үчүн адаттан тыш кадамдарга барууда.