Тарых: Таштагы сүрөттөрдү сүйлөтүп, жазууларды жандыруу керек

Published

Кыргызстанда тарых жана маданият жылында маданий тарыхий мурастарды сактоонун улам жаңы көйгөйлөрү козголуп жатат. Кыргызстан Борбордук Азияда аска бетиндеги эң эски сүрөттөр, ар кандай жазмалар сакталган өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Бул жазуу сызуулар четинен талкаланып, жок болуп жатса бир жагынан буга чейин билинбеген илим чөйрөсүнө киргизилип жатат. Тарыхчылар Кыяс Молдокасымов менен Тынчтыкбек Чоротегин ушул өңүттө маек курушат.