АКШ шайлоосу: Америкадагы кыргыздар эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, KK
- Author, Кубат Касымбеков
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери
- Published
АКШдагы талапкерлерди тандоо өнөктүгү, Дональд Трамптын жеңиштери, Хиллари Клинтондун эл арасындагы кадыр-баркы жана Америкадагы кыргыздардын шайлоого карата мамилеси тууралуу Огайо штатындагы “Kyrgyz-USA Community” коомунун лидери Кубат Кубаналиев Би-Би-Сиге маек курду. Биз алгач андан Америкадагы шайлоо өнөктүгүндө негизинен кайсы темаларга көңүл бурулуп жатканын сурадык.
Кубат Кубаналиев: Азыр талапкерлердин бардыгы өздөрүнүн платформасын коомчулукка кеңири таратууга аракет кылып жаткан учуру. Кайсы гана маалымат каражатын албайлы, ал жерде талапкерлердин билдирүүсү кызыгуу жаратып жатат. Америкада мигранттар көп эмеспи. Керек болсо Америка өзү мигранттардан куралган. Андыктан бул шайлоодо эң кызыгуу жараткан маселе – бул мигранттар маселеси. Келечекте ким гана президент болбосун миграция саясаты өзгөрүшү мүмкүн же ага таасирин тийгизиши мүмкүн деген коомчулукта пикир бар.
Мындан тышкары экономика маселеси дебаттардын күн тартибинде турат. Себеби Америка гана эмес, дүйнөдө экономика орчундуу кырдаалда турганы белгилүү. Американын экономикасынын абалына да бизнес тармагындагылар көп көңүл буруп жатышат. Бардык талапкерлер экономикага болгон көз карашын жана экономиканы жаңылоо боюнча ойлорун коомчулукка жеткиргенге аракет кылышууда.
Би-Би-Си: Республикачылар канчалык Дональд Трампка каршы турганы менен Трапм шайлоолордо озуп чыгууда. Трамптын Мексиканын чегине дубал куруу сыяктуу кескин билдирүүлөрү да анын жеңишине тоскоолдук болгон жок. Ал эмнеси менен Америкадагы делегаттардын добушуна ээ болуп жатат?
Кубат Кубаналиев: Бул абдан кызыктуу суроо. Коомчулуктун көбүнүн көңүлүн буруп жаткан – Трамп мырза десек болот. Дональд Трампт көп жылдан бери бизнес тармагында орду бар, көптөгөн компаниялардын ээси. Ал медиа тармагына да аралашканы маалым. Менимче, коомчулукка таанымал адам. Эксперттер менен медиа өкүлдөрү Трамптын радикалдуу билдирүүлөрү коомдун кайсы бир катмарына таасирин тийгизип жатканын айтып жатышат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Би-Би-Си: Демократтарга келсек, Клинтон айым алга сүрөгөн саясат өзгөчө афро-америкалык жарандарга жагып жатат. Бирок ошол эле учурда ак америкалыктардын добушун атаандашы Берни Сандерске уттуруп коюуда. Ошентсе да Клинтон айым демократтардын талапкерлигине ээ болот деген жоромолдор көп. Сиз баамдагандай, карапайым америкалыктардын Клинтон айымга мамилеси кандай?
Кубат Кубаналиев: Хиллари Клинтон айым көп жылдан бери саясатка аралашып жүрөт. Аны коомчулук жакшы тааныйт. Анткени ал мамлекеттик катчы, Американын биринчи айымы болгон. Кыскасы саясатта өзүнүн негиздүү орду бар. Клинтондун жергиликтүү калк менен кошо мигранттарга да басым жасаганы коомчулукка жакшы таасирин тийгизип жатат. Адистердин жоромолу боюнча, Клинтонду Америкадагы мигрант тектүү жарандар көбүрөөк колдошу мүмкүн.
Би-Би-Си: Америкада ким президент болгонуна жараша миграциялык саясат да өзгөрүшү мүмкүндүгүн өзүңүз да айтып өттүңүз. Бул Америкада иштеп, жашап, окуп жаткан кыргызстандыктар үчүн да маанилүү маселе. Андыктан Америкадагы кыргыз коомчулугу шайлоого канчалык кызыгып, көз салып жатышат?
Кубат Кубаналиев: Эми кыргыз коомчулугу же Орто Азиядан келген улуттардын коомчулугу салыкты убагында төлөп, мыйзам чегинде иштеп, жашап, бул жердин нанын жеп, суусун ичип жаткандыктан, мен ойлойм, кайсы гана талапкер президент болбосун тынччылык жолунда болгону биз үчүн жакшы.
Медиадан кандай гана кырдаалдар айтылбасын, коомчулук арасында саясат өтө көп деле талкууланбайт. Балким биз дагы бул жактын менталитетине көнүп калгандыктанбы, айтор, биз деле азыркы учурдагы саясий кырдаалды сынга алып, өтө деле сүйлөшпөйбүз. Бирок кайсы гана партиянын талапкери тандалбасын бизге тынч болуп, мыйзам чегинде жакшы жашоо тартууласа, албетте, бардыгына эле жагат болушу керек. Биз дагы ийгиликтүү, жакшы президент келсе дейбиз.




























