Лондон сүйлөйт: 30.05.14
Published

30.05.14
- АКШ кыргызстандык Камчыбек Көлбаевдин кылмыштуу тобу тууралуу маалымат үчүн 1 миллион долларлык акчалай сыйлык жарыялады.
- Хьюман Райтс Вотч уюму Кыргыз парламенттин чет элдик агенттер жана бир жыныстуу мамилени пропагандалоо тууралуу мыйзамды кабыл албоого үндөп чыкты.
- Тамеки тартсаңыз аны таттууга алмаштырасызбы? Тамекиге каршы эл аралык күнгө карата Бишкекте дал ушундай акция өттү. Ал арада кафе-барларда чегүүгө уруксат берген кальяндын пайда-зыяны да талкууда.