Лондон сүйлөйт: 06.05.14
Published

06.05.14
- Орусия Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө Киевге каршы топторду да катыштырууну талап кылды.
- Бажы биримдигинин убайымы. Борбор Азиядагы ири базар саналган "Дордойдогу" ишкерлер соода-сатык солгундап кеткенин айтып, өкмөткө кайрылууда.
- Кыргызстанда коррупция боюнча чуулгандуу окуялардан кийин эл аралык бала асыроо менен алектенген фирмаларга лицензиялар бериле баштады.
- Жыландар алгач мектептен чыкса, эми ооруканага жетиби? Чүйдөгү бейтапканадан күн жылыгандан бери жыландарды байкашууда.
- Азыркы жаштар университетти бүткөндөн кийин эки жыл элетте иштеши керек болобу? Депутат мыйзамдык чараларды сунуштоодо.