Эркебаев: илимпоздор өкмөттөгү айдоочулардан аз айлык алышат
Published
Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясынын окумуштуулары премьер-министрдин Илимдер академиясын чарбалык эсепке которуу жөнүндө сунушун терең ойлонбогон жеңил сөз катары сынга алышууда. Бюджет долбоору талкууланып жатканда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өлкөгө көп сандагы окумуштуулардын кереги эмне, академия чарбалык эсепке өтүп алып иштесин деп пикир айткан эле.
Кабарчыбыз Кубат Чекиров Улуттук Илимдер Академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаевди кепке тартып, премьер-министр айткан сунушка академиянын жетекчилигинин ой-пикирин сурады.