Реформаларды кантип жандантабыз?

Published

20-ноябрда Лондондо Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкынын "Өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү реформаларды жандандыра алышат" деген доклады жарыялады.

Экономикалык өнүгүүнүн деңгээли Батыштыкына теңелиш үчүн реформаларды сенектиктен чыгаруу зарыл, деп айтылат банктын докладында.

Рыноктору калыптанып келаткан өлкөлөрдүн алдында жашоо деңгээли боюнча алдыңкы оорундагы өнүккөн мамлекеттерге жете албай калуу коркунучу турганы менен, бул өлкөлөрдүн реформаларды ишке ашыруудагы тоскоолдуктардан өтүп кетүү мүмкүнчүлүктөрү бар, дейт Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкы.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаровду маекке тартып, адегенде Кыргызстандагы реформалардын ишке ашуусуна эмне тоскоол болуп жатканын сурады.