"Сый көрүү": каадабы же коррупциябы?
Published
"Сый көрүү" паракорлукка жатабы деген суроону ар ким өзүнө берип көрсө керек.
Коомчулукта кимдир бирөөнү сыйлоо, конокко чакыруу кыргызда кадыресе жакшы көрүнүштөрдүн бири болгону менен акыркы кезде элдин түшүнүгү өзгөрүп, эч ким жөндөн жөн эле конокко чакырбайт, чайга чакыргандын өз кызыкчылыгы болот деген пикирлер бар.
Чындыгында эле сый көрсөтүү аркылуу балдарды окууга өткөрүү, кызматка орноштуруу сыяктуу маселелер чечилеби? Кыргыз коомчулугунда ыраазычылык билдирүү үчүн же ишти жасатып алыш үчүн сыйлашат деген пикирлер да айтылып жүрөт. Ушунун чеги кайда? Бишкектен Руфат Эргешовдун баяндамасы.