Кыргызстандын суу ресурстарын пайдаланууда эмне жылыштар бар?
- Author, Кубат Чекиров
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстан дүйнөдөгү гидроэнергетикалык ресурстарга бай өлкөлөрдүн бири, бирок аны натыйжалуу пайдаланууга жетише элек. Суу ресурстарынын он пайызын эле өзү пайдаланат, калган пайдасын кошуна өлкөлөр көрүп келатат.
Кыргызстан кошуналары менен суу ресурстарын бирге пайдаланып, чыгымын бирге көтөрүү боюнча көп эле сунуштарды көтөрүп келатат, бирок жакшы колдоо таба элек. Бул маселе бүгүн Жогорку Кенеш уюштурган тегерек үстөл жыйынында дагы талкууланды. Кабарчыбыз Кубат Чекиров Кыргызстандын суу ресурстарын пайдаланууда эмне жылыштар бар? Деген суроо менен ЖК депутаты Каныбек Иманалиевке кайрылган.