Бишкек: инвестор менен ишкерди жолуктурган форум өтөт

    • Author, Руфат Эргешов
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргызстанда декабрь айынын башында чакан жана орто бизнес үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган Бишкек инвестициялык форуму өткөнү жатат. Анын максаты орто жана чакан бизнес ээлери менен инвесторлорду жолуктуруу, ошондой эле Кыргызстандын бизнес коомчулугу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү болуп саналат. Форум алгач ирет өткөн жылы болуп, жыйынтыгында жергиликтүү инвесторлор чакан жана орто компанияларга дээрлик жарым миллион доллардык инвестиция салышкан.

Бишкекте жакынкы күндөрү орто жана чакан бизнес ээлери менен жергиликтүү жана чет өлкөлүк колунда бар адамдарды жолуктурган бизнес форум уюштурулганы жатат. Бул жакка өз бизнесине каражат издеп жаткан же идеясы бар туруп, бизнес баштай албай жаткан ишкерлер чогулуп, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү издемекчи.

“Өткөн жылы чет элдиктер эмес, кыргызстандык колунда бар ишкерлер башка бизнестерге инвестиция салууга даяр экенин көрсөтүштү. Андан тышкары 450 миң доллардык туруктуу контракт түзүлдү. Өткөн жылдын сабактарын алып, бул жылы өтө турган форумдун форматын кеңейтип, рынокто иштеп жаткан компаниялардан тышкары стартап идеялардын дагы бизнес долбоорлорун кабыл алып, аны ички жана сырткы инвесторлорго сунуштайбыз”,-деди ЖИА бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Умбриэль Темиралиев.

Бишкек инвестициялык форуму Бишкекте алгачкы жолу өткөн жылы болгон. Анда чакан жана орто ишкерликтен 220 бизнес долбоор чогулган. Анын ичинен эң мыкты делген 40 долбоор тандалып, жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорго сунушталган. Форумду уюштургандардын айтымында, беш долбоор кыргызстандык ишкерлер арасынан ѳзүнѳ ѳнѳктѳш таап, бизнеси үчүн акча тарта алды.

Бул уюштуруучулар үчүн жакшы натыйжа деп эсептелгени менен өлкөдө көптөгөн ишкерлер бизнес баштоого каражат издеп жүрүшөт. Алардын бири бут кийим цехин иштеткен Акылбек Батыгазиев. Ал насыя алып, цехтен түшкөн пайданы банкка төлөй бергенден тажап, акыркы инвестор издегенге киришкен:

“Коммерциялык банктан кредит алып, ага цех үчүн жабдыктарды сатып алганбыз. Пайызы жогору, төлөө кыйын болуп калууда. Бирок банктан башка жерлерге кайрылып, акча таба алган жокпуз. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду болсо биз сыяктуу чакан ишканаларга көп артыкчылык беришпейт экен. Алар техникалык кредит эле деп коюшту. Эгерде инвестор таба алсак, жаш балдардын ден соолукка пайдалуу, сапаттуу бут кийимдерин тикмекпиз”.

Кыргызстанда орто жана чакан бизнестер экономиканын өзөгүн түзөт. Буга чейинки ар кандай иликтөөлөрдө өлкө экономикасынын алтымыш пайыздан ашыгы орто жана чакан ишканаларга туура келет деп айтылып жүрөт. Демек бул чөйрө болбосо, экономика артка кетээри жашыруун эмес.

Анткен менен бул тармактын өзүнө тиешелүү толгон-токой маселелери бар. Эң биринчиси - капитал. Көптөгөн орто жана чакан ишканалардын ээлери менен сүйлөшө келгенде, алар акчанын жоктугун айтышат. Себеби ишкердик баштоо үчүн Кыргызстанда инвестициялык ири фонддор жок. Ошол учурда ишкерлер аргасыздан банктарга кайрылып, кредит алабыз дешет. Анын үстөк пайызы дагы кымбат.

Бул чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган кыргыз-орус өнүктүрүү фонду болсо экономисттердин айтымында, чакан ишканаларга эмес, ири компанияларга артыкчылык беришет.

Орто жана чакан бизнеске чет элдик инвесторлор дагы кызыгышпайт. Анткени кыргыз өкмөтүндөгү тез-тез алмашуулар, мыйзамдардын толук аткарылбашы жана сотторго ишенимдин аздыгы инвесторлордун бул өлкөдө бизнеске инвестиция салуудан, тобокелдикке баруудан чочулатат.

Бул учурда колунда бош капитал, же болбосо бош акчалары бар ишкерлер орто жана чакан бизнес баштай тургандарга жардам бере алат. Аларды жолуктуруп, бири-биринин ишенимине кирүү маанилүү иш катары саналат.

“Кызматташуу акча аркылуу болот. Бир тарапта акча, экинчи тарапта идея жана мүмкүнчүлүктөр бар. Ошентип бир тараптын капиталы менен экинчи тараптын бизнес идеясы кошулуп, жаңы бизнестердин даражасы пайда болот деген үмүт бар. Ага жакында өтө турган форум мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бирок форум өткөрүп эле максаттардын баары ишке ашат дегенден алыспыз. Буга мамлекеттин дагы көмөгү керек”,-деди экономикалык серепчи Эмил Үмөталиев.

Жогоруда айтылган инвестициялык бизнес форум декабрь айында өтөт. Экинчи жолу уюштурулуп жаткан бул форумга жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор катышканы жатат. Индия форумдун негизги негизги өнөктөшү болуп, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан баштаган коңшу өлкөлөрдүн бизнес өкүлдөрү дүйнөлүк жана аймактагы экономикалык кырдаалды, бизнес тренддерди, чакырык жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашмакчы.