Кыргызстанда Маданият ишмерлеринин күнү белгиленүүдө

Published

Кыргызстанда Маданият ишмерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Ага карата президент Алмазбек Атамбаев бул тармактын кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, быйылкы Тарых жана маданият жылында ата-бабалар мурасынын жанданып жана дүркүрөп өсүү процесси болгонун баса белгиледи.

«Буласыл иштердин башында сиздер, маданият кызматкерлери турасыздар. Далай оор сыноолорду жеӊип отуруп, ата-бабалар мурасын сактап, кийинки муунга жеткирип жатканыӊыздардын өзү алкоого арзыйт. Ошону менен катар элибиз маданият ишмерлеринен дагы тайманбас чечимдерди, саамалыктарды күтүүгө акылуу. Бизге келген ооматты колдон чыгарбай, улантып жана байытуу көбүнчө сиздердин ишиӊиздерге жараша болот», - деди президент.

Бул күндүн урматына бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара өткөрүлүлөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдирүүсүндө, иш-чаранын расмий бөлүгүндө бир катар чыгармачыл адамдар, маданият жаатындагы ишмерлер “Маданияттын мыкты кызматкери” жана Ардак грамоталар менен сыйланат. Андан соң белгилүү артисттердин катышуусунда концерттик программа болот.

Маалыматтарга ылайык, 1926-жылы 2-ноябрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу И.Токобаевдин “Кайгылуу Какей” аттуу драмасы коюлган. Анын урматына 1995-жылы токтом кабыл алынып, ошонон бери бул дата Маданият ишмерлеринин күнү катары белгиленип келатат.