Атамбаев референдум жөнүндөгү конституциялык мыйзамга кол койду

Published

Кыргызстанда президент Алмазбек Атамбаев референдум жөнүндөгү конституциялык мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамда мыйзам бузуулар жана бурмалоолорго жол бербеш үчүн референдумду жаңы автоматташкан технологияларды колдонуу менен өткөрүү жагы каралган.

Президенттин маалымат саясаты бөлүмү таркаткан билдирүүгө караганда, жаңы мыйзам референдумду өткөрүүнү шайлоо мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкты. Ага ылайык, референдумга согуш жана тынчтык маселелери, президенттин кызмат мөөнөтүн кыскартуу же узартуу, президентти жана ЖК депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо же мөөнөтүн өзгөртүү, мамлекеттик чек араны өзгөртүү, аймактык бүтүндүгү, тарифтер жөнүндө маселелер коюлат.

Өлкөдө аскердик жана өзгөчө кырдаал учурунда референдум өткөрүлбөйт деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле мыйзамда ар кандай бурмалоолорго жол бербеш үчүн референдумду жаңы технологияларды колдонуу менен өткөрүү жагы каралган. Атап айтканда, референдумда добуш бергендердин жеке жана биометрикалык маалыматтары да текшерилмекчи.

Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште талкуулап жатканда, жалпы элдик талкуудан тийиштүү тартипте өткөрүлбөй калганы жөнүндө сындар айтылган эле.

Бул мыйзамдын негизинде биринчи референдум ушул жылы декабрда баш мыйзамды өзгөртүү боюнча болмокчу.