Сот Сарыгуловду үй камагына чыгарган жок

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 2 мүнөт

Сот камактагы саясатчы Дастан Сарыгуловду үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда оппозициялык саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана эксперт Эрнест Карыбековдун үстүнөн сот иши уланды.

Ал жабык өттү. Айыптоочу тарап иш эмнеге жабык каралып жатканына комментарий берген жок. Жетимиш жашка чукулдаган Дастан Сарыгуловду үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү сот четке какты. Сарыгулов менен Карыбековдун адвокаты Нина Зотова бүгүн аны бошоторун күткөнүн Би-Би-Сиге айтты.

“Анткени Сарыгулов азыр каралып жаткан 295-берене боюнча үй камагында болчу. Түрмөгө 292-берене, мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча алынган. Коопсуздук комитети 21-сентябрда Сарыгуловдун экинчи берене боюнча кылмыш ишин токтотту. Башкача айтканда, камакта кармоо санкциясы жокко чыкты. Бирок судья үй камагын түрмөгө өзү алмаштырган. Бүгүн прокурор каршы болбогонуна карабай судья үй камагына чыгаруудан баш тартты”, - деди Зотова.

Сарыгулов менен Карыбековдун адвокаты Нина Зотова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сарыгулов менен Карыбековдун адвокаты Нина Зотова

Адвокаты Сарыгуловдун абалы начар экенин айтууда.

Кубанычбек Кадыровдун жубай Жаңыл Кумашова камактагы баш коргоо чарасы улам узартылып жатып бешинчи айда сот башталганына даттанууда.

“Беш ай дегенде гана жолугушуп, эки жолу кирдик. Акча жеген, киши өлтүргөндөргө да мындай мамиле кылышчу эмес эле. Моралдык, психологиялык жактан болушунча эле кыйнашты. Кечирим сурагыла дептир, булар эмнеге кечирим сурайбыз дешти. Ар ким өзүнүн саясий пикирин билдиргенге укугу бар да, туурабы?”, - дейт Кумашова.

Оңдон солго Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оңдон солго Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров

Жабык сотко кирип чыккан күбөлөрдүн бири баарына кенен сөз берилип, пикирлерин эркин айтып жатышканын билдирди.

Камактагы саясатчыларды коргоо комитетинин мүчөсү Зульфия Марат аларды камоо тууралуу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) кат жолдошконун белгиледи:

“Варшава жолугушуусунун катышуучулары болгон адам укуктарын коргоо уюмдарына даттанууну берип коюсун өтүндүк. Анда укуктарыбыз одоно, массалык түрдө бузулуп жатканын айттык. ЕККУ реакция кыла элек, бирок расмий кабыл алып, сайтына илишти”.

Кубанычбек Кадыровдун жубай Жаңыл Кумашова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубанычбек Кадыровдун жубай Жаңыл Кумашова

Ал эми мамлекеттик айыптоочулар бул соттук иш тууралуу комментарий беришкен жок.

Жаз айларынан тарта азыр түрмөдөгү оппозициячыл саясатчылардын телефон аркылуу же көзмө-көз маектери жаздырылган тасмалар маалымат каражаттарына тараган. Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов 23-мартта Аксыда Үңкүр-Тоого байланыштуу митингге баргандан кийин камалышкан.

24-мартта Бишкекте журналисттерге маек курган президент Алмазбек Атамбаев оппозициянын өкүлдөрүн жазалаш керек деген.

"Элдик курултай" кыймылынын мүчөсү Зульфия Марат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Элдик курултай" кыймылынын мүчөсү Зульфия Марат

“Албетте, бул адамдар оорулуу деп кол шилтеп койсок болмок. Бирок мен аларды катуу жоопко тартыш керек деп ойлойм. Анткени мындай адамдар жазасыз калса болот деп ойлобош керек. Бул оору башкаларга да жугушу мүмкүн. Президент болгуң келсе шайлоого бар, эмнеге дароо чек арага чуркап барышат?!”, - деген эле Атамбаев.

25-мартта энергетика тармагынын адиси Эрнест Карыбеков камалган. Андан мурда Дастан Сарыгулов менен маегинин видеосу чыккан эле. 13-июнда Дастан Сарыгулов камакка алынган.

Мындан сырткары 12-майда «Элдик парламент» кыймылынын төрт лидери камалат.

Саналгандардын баары “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган”, “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык көргөн», «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген кылмыштарга шектелүүдө.