Паралимпиадада Кыргызстандын намысын кимдер коргойт?

    • Author, Сапаргүл Абдинабиева
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Бразилияда паралимпиада-2016 оюндары башталды. Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан XV паралимпиада оюндарында дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүнөн майып спортчулар келип, спорттун 30дан ашуун түрү боюнча таймашат. Бул мелдеште Кыргызстандын намысын кимдер коргойт?

“Ар бир адамда жүрөк бар” деген чакырык менен өтүп жаткан дүйнөдөгү майып адамдардын спорттук мелдеши учурда Бразилиянын Рио-де-Женейро шаарында өтүп жаткан учуру. Жүздөгөн майып спортчулардын катарын бул ирет Кыргызстандан барган Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев жана Арстанбек Базаркулов толуктап, кечээ XV паралимпиада оюндарынын ачылуу аземинде кыргыз желегин көтөрүп турушту.

“Ачылуу аземи абдан бийик деңгээлде өттү. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген спортчулар үчүн уюшулган бул азем көпчүлүккө чоң кубаныч тартуулады деп ойлойм. Бирок мен ичтен чоң жоопкерчилик менен турам. Ошол ой гана бир аз кыжалат кылып жатат. Ал менин өлкөмдүн ишеним артып жиберген жоопкерчилиги”, - деди Эсен Калиев Би-Би-Сиге берген маегинде.

Эсен Калиев 10-сентябрда спорттун пауэрлифтинг түрү боюнча мелдеште Кыргызстандын намысын коргойт. Аны колдоп барган делегациянын өкүлү Марат Аскарбековдун айтымында, Эсенге удаа эле Жыргалбек Орозбаев да пауэрифтинг боюнча 107 килограммга чейинкилер арасында салгылашат. Ал эми паралимпиадада ойнотулчу спорттун дагы бири түрү жеңил атлетикадан Арстанбек Базаркулов мелдешке чыгат.

“Биз Риого күн мурунтан келгенбиз. Анткени балдар бул жактын аба-ырайына көнүшү керек эле. Кечээ ачылуу аземи болуп, бүгүн спорт түрлөрү боюнча мелдештер башталды. Балдардын абалы жакшы, күн сайын даярдык көрүп машыгабыз. Кыргыз спортчуларынын ичинен биринчи болуп Эсен Калиев өз күчүн 10-сентябрда сынап көрмөкчү. Ал пауэрлифтинг боюнча мелдешке 54 килограмм салмакта катышууда. 15-сентябрда болсо спорттун ушул эле түрү боюнча 107 килограммга чейинки салмак категориясындагы спортчулардын мелдешине орун берилет. Бул салмакта Кыргыз мамлекетинин желеги астында Жыргалбек Орозбаев чыгат. Ошондой эле, 12-сентябрь күнү Арстанбек Базаркулов ядрону түртүп ыргытуу боюнча күчүн сынайт”, - деди Аскарбеков.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өтүп жаткан бул мелдеш 18-сентябрда жыйынтыкталат. Анда жалпысынан 22 спорт түрүнөн 528 комплект медаль ойнотулууда.

Паралимпиада оюндары алгач 1948-жылы Лондондо өткөрүлгөн. Людвиг Гуттман деген немис дарыгери 1939-жылы Германиядан Лондогон келип, экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринин омурткасын, жүлүнүн дарылоо менен революция жасаган. Майыптарга терапия жүргүзүү учурунда ал спорттук көнүгүүлөрдү жасатып, араң жан ардагерлерди акырындык менен спортко түрткөн.

Паралимпиада оюндары алгач 1948-жылы Лондондо өткөрүлгөн.

Ал оорукчан кишилердин азабын, кыйналуусун жеңилдетүү үчүн жашоодо өзүнүн булчуңадарын ишететүү, физикалык алсыздыгы менен күрөшүүгө багыттаган. Майып кишилер өздөрүн алсыз, керексиз сезбеш үчүн ал алардын алдына максат койуп, ал үчүн күрөшүп, кыйынчылыктарга чакырык таштап, бой урууга, аны жеңип чыгууга шыктандырган.

Дарыгер майыптык коляскада олтурган кишилер ортосунда мелдештерди өткөрүү иштерин уюштурууга да көп убактын сарптаган. Алгачкы спорттук мелдеш 1948-жылы өтүп, ар кайсыл госпиталдардагы кары-картаңдар, согуш ардагерлери жана майыптар катышкан. Алгач, майыптардын ортосунда баскетбол, найза ыргытуу боюнча мелдештерди өткөргөн. Ошондон тарта мелдеш жыл сайын өтө баштап, ал Stoke Mandeville Games (өзү иштеген аскер госпиталынын аталышы менен) деп аталып, өзүнчө уюум катары таанылган.

1960-жылы Stoke Mandeville Games мелдеши Римде өткөн Олимпиада оюндары менен удаа өткөрүлгөн. 1984-жылкы Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими менен ушул оюндар расмий түрдө биринчи жолку Паралимпиада оюндары деп таанылган.

Ушул окуядан төрт жыл өткөндөн кийин майып спортчулардын Эл аралык спорттук уюму түзүлүп, ага 16 өлкө мүчө болуп кирген. 1964-жылы Япония башкалаасы Токиодо паралимпиадалык оюндары расмий түрдө өткөрүлүп, оюндардын эн белгиси пайда болгон. 1976-жылдан тарта кышкы жана жайкы оюндары өтүп келе жатат.