Президенттин үстүнөн жазылган арызды сот канааттандырган жок

Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованын президенттин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна жазган арызы канааттандырылган жок.
Бул ишти кечээ карап баштаган Бишкек шаардык соту мурдагы 1-Май райондук сотунун чеимин күчүндө калтырды. Райондук сот ишти президенттин пайдасына чечкен болчу.
Быйыл 14-майда энелер күнүндө куттуктоо сөз сүйлөп жатып президент Алмазбек Атамбаев чогулган аялдардын алдында аталган укук коргоочуларды чет жердик гранттарды актап жүргөн бейөкмөтчүлөр деп атаган.
Исмаилова менен Абдирасулова беделине шек келтиргенин айтып, президенттин үстүнөн арыз жазышкан. Алар моралдык зыян үчүн президенттен 10 миллион сом компенсация төлөөнү жана кечирим суроону талап кылууда. Укук коргоочулар доо арызын эми Жогорку Сотко жолдогону турушат. (AbA)
























