Т. Сариев: Конституцияны өзгөртүүдө элдин пикири маанилүү

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурдагы премьер-министр Темир Сариев
Published

Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча саясатчылар, активисттер позициясын жарыялоону улантууда. Мурунку өкмөт башчы Темир Сариев аны өзгөртүш үчүн кур дегенде кеңеш түзүш керектигин билдирди.

Ал арада Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов кызматтан кетүү арызын президенттин Баш мыйзамды өзгөртүү оюна каршы болгону менен байланыштырды. Ал эми президент жана парламенттеги беш фракция жетекчилери Баш мыйзамды өзгөртүүгө жүйөөлүү себептер бар деп келишет.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон парламенттеги фракция лидерлерине “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кайрылды.

Анда Конституцияны өзгөртүү тууралуу мыйзамды талкуулоого берилген бир ай жетишсиз экенин айтып, элдин пикирин ким чогултуп, ким карайт деген маселени койгон.

“Андыктан атайын орган – конституциялык кеңешме түзүш керек. Ага азыркы бийликтин, оппозициянын өкүлдөрү дагы, белгилүү эксперт-укукчулар кириш керек. Ошондой учурда гана жалпы элдик талкуу толук кандуу деп эсептелет, ал эми жаңы Конституциянын сапаты жогорку деңгээлде болот”, - деп жазат Темир Сариев.

Мындан бир күн мурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болду.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коомдук бирикмесинин президенти Динара Ошурахунова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коомдук бирикмесинин президенти Динара Ошурахунова

18-августта түштөн кийин президент арызын канааттандырды.

Султановдун Би-Би-Сиге билдиришинче, президенттин Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу сунушуна каршы болгон соң, анын башка жердеги ишенмдүү өкүлү болуусу туура эмес.

“Мен президенттин ишеним баракчасы менен иштеп жатам. Ошол эле учурда азыркы Конституция боюнча мурдатан өзгөрбөгөн пикирим бар. 2010-жылы ушул Баш мыйзамды колдогом, каражатым менен үгүт жүргүзүп, кабыл алынышына салым коштум деп эсептейм. Ал 2020-жылга чейин өзгөрбөй турганына баарыбыз ишенгенбиз. Мен арызда президенттен ушул нерсени сурап, пикирим туура келбесе, анын өкүлү болушум моралдык жактан туура болбой калат деп жаздым”, - деди Султанов.

Конституцияны өзгөртүүгө буга чейин парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев каршы экенин билдирген. Анын жүйөөсүндө жаңы Конституция премьер-министрдин авториторизмине алып келет.

Азыркы Баш мыйзам өзгөртүлбөш керек дегендердин катарын экс-президент Роза Отунбаева да толуктап, өз позициясын жарыя кылган.

Президент Алмазбек Атамбаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Алмазбек Атамбаев

Укук коргоочулар жана бир катар активисттер да ушул маселени талкууап келатышат. Алардын бири Динара Ошурахунова Баш мыйзамды өзгөртүүнүн эч бир шартына макул эмес:

“Өлкөдө абал туруктуу болбой, кооптуу болуп турганда жашырынып, эптеп бийликке келип алган соң, баары жакшы болуп калганда чыга келип, бизге эмне кылыш керектигин үйрөтүшөт. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары иштегенине жарым жыл болду. Алар добуш берип жаткан мыйзамын окубагандан кийин азыркы Баш мыйзамды качан окуп, качан түшүнүп, кемчиликтерин таап, жаңы текст жаза калышты? Мен аларга да ишенбейм. Акаев менен Бакиев бийлигин күчөтүш үчүн Конституцияны кандай гана кылып өзгөртпөсүн, андагы адам укуктары деген беренеге тийишкен эмес”.

Каршы тараптын айрымдары сунушталган өзгөртүүлөргө, башкалары референдум өткөрүү жараянына макул эмес же дегеле Баш мыйзамды туруктуу сактоо принцибин орнотуш керек дегендер да бар.

Ал эми Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинин ээлери, президент Алмазбек Атамбаев бул Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн зарыл экенин айтууда.

“Бул аракеттерди Атамбаев бийликти колдон чыгарбоо үчүн, келечегинде өкмөт башчы болуш үчүн жасап жатат дешүүдө. Бирок мен бийлигими сактап калгым келсе, түздөн түз эле жасамакмын. Андай максатым болсо, мен референдумду башкача жол менен эле өткөрмөкмүн. Ага Баш мыйзам жол берет, парламентсиз эле 300 миң кол топтосоң жетиштүү. Аймактардын ар жагынан, топтордон Атамбаев экинчи мөөнөткө калсын деген өтүнүчтөр келип жатат. Андыктан кол топтоодо да, референдум өткөрүүдө да кыйынчылык жаралмак эмес”, - деп билдирген Атамбаев.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр премьер-министрдин авторитаризмин алып келбейт, ал коомду дагы жакшыртууну көздөйт деди.

“Мисалы, өкмөттүн салмагын оорлотпосок, өкмөттүн туруктуу болбой жатат. Мыйзамдын каржы булагы такталбаса, өкмөт башчы каршы болот деген сунуш да керек. Анткени популисттик мыйзамдар деле жазылып жатпайбы. Аткаруу бийлиги кантип авторитардык болсун? Ал Жогорку Кеңеш алдында отчет берет, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. Өкмөт жамааттык бийлик, ал жалгыз киши болсо, авторитардык болот дей алмакпыз”, - деди Би-Би-Си Өмүркулов.

Азыркы Баш мыйзам 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин 2020-жылга чейин өзгөртпөө шарты менен жалпы элдик референдумда кабыл алынган. Аны өзгөртүү, референдум өткөрүу тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекенден” сырткары беш фракция бир айга коомдук талкууга чыгарган. Ал арада “күздөгү референдумга” деп Борбордук шайлоо комиссиясы электрондук үкөктөрдү сатып алууга тендер өткөргөнгө жетишти.