Айпери: ата-энеси жок жетим эмес, акылы жок адам жетим
Published
Өткөн аптада Кыргызстандагы эки жүзгө жакын жетим бала көл жээгинде бир жума бою эс алуу менен бирге түрдүү багытта билим да алып келишти. Бул иш-чараны “Элим барсыңбы?” деп аталган кайрымдуулук фонд үч жылдан бери өткөрүп, багар-көрөрү жок балдарга жеткиликтүү тарбия берүү иштери менен алектенип келатат. Би-Би-Си бул лагерге барган балдардын арасынан 13 жаштагы таланттуу Айпери деген кыз менен маектешип, анын жан дүйнөсүн ачууга аракет кылган.