Кыргыз хоккейи Азиядагы күчтүү топко өттү

Published

Кыргызстан хоккей боюнча эл аралык мелдештен чемпион болду. “Азия чакырыгы” деп аталган кубокко Индия, Катар, Макао, Малайзия жана Кыргызстан болуп беш өлкө катышкан. Алты күнгө созулган бул мелдеште Кыргызстан ири эсепте атаандаштарын жеңип чыкты.

Эл аралык хоккей мелдешин көрүүгө шаардык музмайданына жүздөгөн адамдар топтолду. Малайзия, Катар, Макао, Индия өлкөлөрүнөн келген спортчулардын мөрөй талашына күйөрмандар алты күн назар салды. Жыйынтыгында Кыргызстан бардык атаандаштарын ири өлчөмдө чоң айырма жеңип чыкты.

“Ар бир спортто эмоция бар эмеспи, бирок бул жыйынтык күйөрмандарда башкача кубанычтуу реакция жаратты. Анткени бул өтө курч оюн жана ар бир упай канчалаган тер менен алынат. Бирок биздин кураманын оюнчулары оюндун аягына чейин эмоцияга алдырышкан жок. Бир калыпта, салмактуу оюн көрсөтүштү. Ошон үчүн дагы жыйынтыктар мыкты болуп отурат. Оюнду көргөнү келген эл бизге кайрылып, спорттун бул түрүнө балдарын кантип жаздырууну сурашты. Демек күйөрмандарга да абдан жакты”, - дейт Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыпов

“Азияга чакырык” кубогу Эл аралык хоккей федерациясынын көзөмөлү астында өткөрүлөт. Кыргызстан бул федерацияга 2011-жылы мүчө болуп кирген. 2013-жылы Кувейтте болуп өткөн Эл аралык хоккей федерациясынын Азиялык жыйынында Кыргызстан бул кубокту өткөрүүгө даяр экендигин билдирген эле.

Ал эми мындан эки жыл мурда Кыргызстан “Азия чакырыгынан” ийгилик жаратып келатып, Макаодон утулуп калган. Быйыл болсо кайрадан финалдык беттешке туура келген Кыргызстан-Макао таймашы 8:1 эсебинде аяктады. Индия, Катар жана Малайзия өлкөлөрүн да 7-8 упай айырма менен жеңди. Атаандаштар бул жылы чын эле даярдыксыз келгенби же кыргыз командасынын даярдыгы күч болгонбу?

“Эки жыл мурда Макаодон утулуп калганыбыз абдан арданткан. Андан кийинки жылы Кувейтте болгон таймашта 3-орунду алып калганбыз. Мына ошол утулуулардан кийин биз тактикалык жана стратегиялык пландарды өзгөртүп, балдарды аябай даярдадык. Ушунун негизинде жеңишке жеттик десек болот”, - деп кошумчалады Жакыпов.

Байкоочулардын айтымында, Кыргызстанда хоккей оюну 1970-80- жылдары кулач жайган. Өлкөнүн биринчилиги Каракол, Бишкекте өткөрүлүп турган. Андан кийинчерээк бир аз солгундай түшкөн бул спорттун түрү акыркы 5-6 жылдан бери кайрадан жанданууда. Бул спорт боюнча өлкө биринчилигине такай катышкан алты гана команда бар. Алар: Нарын, Жумгал, Токмок командалары менен Бишкектин үч командасы.

Хоккей салыштырмалуу кымбат спорт түрлөрүнө кирет. Ошон үчүн ага көп чыгымдар керектелет.