Кыргызстандагы туристтик объектилерди онлайн көрсө болобу?

А. Жаманкулов: Интернеттен ар бир көчөгө кирип, кыдырып, туристтик жерлерди онлайн көрсө болот
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, А. Жаманкулов: Интернеттен ар бир көчөгө кирип, кыдырып, туристтик жерлерди онлайн көрсө болот
Published

Май айында Кыргызстанга Google компаниясынын кызматкерлеринин келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов Би-Би-Сиге билдирди:

“Буюрса 7-8-майда Google компаниясынын кызматкерлери Ысык-Көлдө өтчү эл аралык жарманкеге келгени жатат. Иш-чаранын алкагында алар биздин өлкөнүн көчө визуализациясын презентация кылышат. Жалпак тил менен айтканда, интернеттен ар бир көчөгө кирип, кыдырып, туристтик жерлерди онлайн көрсө болот. Буюрса бул аракет туристтик секторго чоң түрткү болот деп ойлойм”.

Быйыл Кыргызстанда туризмдин өнүгүшү үчүн акжолтой жыл деп айтылууда. Буга бир тараптан “Көчмөндөр оюнунун” экинчи айлампасы шарт түзүп берсе, экинчи жагынан Орусия менен Түркиянын мамилесинин солгундашы көптөгөн туристтердин толкунун Кыргызстанга айдашы мүмкүн дешет байкоочулар.

Өкмөт башчы Темир Сариев да туризм жаатында иштеген ишкерлерди быйыл өзгөчө даярдыкка чакырып, туристтердин саны жалдагыдан 20% көбөйүшү мүмкүн деди.

Андан сырткары туризм департаменти бул тармакты өнүктүрүүгө арналган программа иштеп чыгып, конок күтчү жайлардын инфраструктура иштерине ыкчам көңүл бурууга үндөөдө. (SA)