Мырзакматовдун партиясы шаардык кеңештин шайлоосунан баш тартты

Мелис Мырзакматов интернет аркылуу кайрылуу жасап, өзүнө тагылган айыптарды саясый куугунтук деп айтып келатат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мелис Мырзакматов интернет аркылуу кайрылуу жасап, өзүнө тагылган айыптарды саясый куугунтук деп айтып келатат.
Published

Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов негиздеген “Улуттар биримдиги” партиясы 27-мартка белгиленген Ош шаардык кеңешине шайлоого бойкот жарыялап, катышуудан баш тартканын билдирди.

Партия тараткан билдирүүдө: "Өнүккөн өлкөлөрдө саясий системанын туруктуу концепциясынын башкы өзөгүн, таза шайлоого негизделген саясий конкуренция түзөт. Мамлекеттик бийлик жана коомдук институттар саясий оппоненттерин негизсиз куугунтуктаган, авторитардык башкарууга жол бербеши керек! Ал эми адилет, мыйзам чегинде таза шайлоо өткөрүү үчүн, бийлик эң оболу өзү адилет жана таза болушу зарыл деп эсептейбиз! Ошондуктан «Улуттар биримдиги» элдик саясий партиясы 2016-жылдын 27-мартына белгиленген Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого бойкот жарыялап, шайлоо өнөктүгүнөн баш тартаарын “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын Саясий кеңеши расмий түрдө билдирет",-деп жазылган.

"Улуттар биримдиги" партиясы 2010-жылы түзүлүп, Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо 45 мандаттын 21ин утуп алган эле. Кийин Мелис Мырзакматов мэр шайлоодо утулуп калып, партия ичинде ыдроо байкалганы айтылган. Муну партия өкүлдөрү четке какканы бар.

2014-жылы ноябрь соңунда Башкы прокуратура Ош шаарындагы Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курууда шаардын мурдакы жетекчилигинин кызмат абалынан пайдалангандыгы туралуу фактынын негизинде кылмыш ишин козгогон. Мырзакматов бул кылмыш ишин саясый деп мүнөздөп, өлкөдөн чыгып кеткен. Ага эл аралык издөө салынган эле.

Былтыркы парламенттик шайлоого Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” “Ата-Мекен” партиясы менен бирге барды. Мырзакматовдун өзүнүн талапкерлигин БШК каттаган эмес. Парламенттик шайлоо алдында Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовко сыртынан өкүм чыгарып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан. Ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып тагылып, Мырзакматовдун өзү өлкө аймагында жок болгондуктан сот өкүмү сыртынан чыгарылды.

Партия лидери өлкө сыртында жүргөндөн кийин көбүнесе регионалдык партия катары мүнөздөлгөн “Улуттар биримдиги” ич ара дагы ыдырап жатканы туралуу саясый чөйрөдө сөз болуп келген. Бул жолку шайлоодо партиянын аткивдүү мүчөлөрү башка саясый күчтөр менен ымала түзүп жатканы туралуу да маалыматтар айтылууда.

“Бул кыргыз саясатындагы кадимки эле көрүнүш. Партия лидери Мырзакматовдун кайра мэр болуп шайланбай калышына дагы биздин катардагы депутаттардын позициясын өзгөрткөнү себеп болгон. Азыр деле башка партияларга кирип кеткен мүчөлөрүбүз бар экени бизге маалым”,-деген эле "Улуттар биримдиги" партиясынын түштүк аймагы боюнча штабынын жетекчиси Абдыжапар Аккулов.