Боснияда хиджабды тыюуга каршы акция өттү

Published

Босниянын сот мекемелеринде хиджаб кийүүгө тыюуга каршы Сараеводо эки миңдей аял каршылык жүрүшкө чыкты.

Январдын ортолорунда киргизилген тыюу бардык динге тиешелүү, бирок Босниянын Жогорку соттук кеңешинин чечиминде өзгөчө хиджаб белгиленген.

Жүрүштөгү аялдар “Хиджаб – менин укугум” деген плакаттарды көтөрүп чыгышты. Анын уюштуруучулары бул тыюу мусулман аялдарынын жумушка болгон укугун чектейт дешет.

Босния калкынын 40 пайыздайы мусулмандар. (AK)