"Кумтөрдө" өндүрүштүк кырсыктан бир жумушчу каза болду

Published

"Кумтөр" алтын кенинде өндүрүштүк кырсык болуп, бир жумушчу каза болгонун «Кумтөр Голд Компани» расмий ырастады.

Аталган компаниянын сайтына жарыяланган расмий маалыматка караганда, инцидент алгачкы майдалоо участогунда болгон. Инциденттин кесепетинен участоктогу ишин аткарып жатып кырсыктап бир кызматкер каза тапты.

Окуя тууралуу каза тапкан жумушчунун үй-бүлөсүнө кабар айтылып, тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирилди.

Бул кырсыкты иликтөө үчүн Жети-Өгүз райондук милициясынын иликтөө тобу Кумтөр кенине келди. Компания өзү дагы ички иликтөө баштады.

Ошондой эле бул кырсыкты иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын комиссиясы түзүлүп жатканы белгилүү болду.

Кырсыктап каза тапкан жаран Ысык-Көл районунун Темировка айылынын тургуну болгону, анын артында он баласы калганы айтылууда.