Алгачкы кыргыз википедиячысы эмнеге нааразы?

Бизди ойлондурган маселе - мамлекеттин жасаган мамилеси
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бизди ойлондурган маселе - мамлекеттин жасаган мамилеси
    • Author, Сапаргүл Абдинабиева
    • Role, Бишкектик журналист
  • Published

Бүгүн Википедиянын 15 жылдык мараакесине арналган иш-чарада аталган сайт Википедияны мыкты деңгээлге көтөрүп келаткан дүйнөлүк 15 ыктыярдуу википедиячылардын тизмесин жарыялады. Алардын катарында кыргызстандык Чоробек Сааданбеков да бар. Би-Би-Си Сааданбековду кепке тартып, Кыргыз Википедиясынын акыркы ийгиликтери тууралуу сурады:

Чоробек Сааданбеков: 2011-жылдын аягында 4500дөй макала бар болчу. 2012-жылы “Сорос-Кыргызстан” фонду менен биргеликте кыргыз википедиячылар кыймылын баштадык. Ошол кыймылдын алкагында биз Кыргызстанды кыдырып, жыйырмадан ашык тренингдерди өткөрдүк, ыктыярчы болуп салым кошом деген эки жүздөн ашык кишини окутуп, Википедияга макала жазуу кандай болоорун көрсөтүп, энциклопедиялар менен дагы иштегенбиз. Ал жылы 20 миңдей макала кошулуп, 2012-жылдагы чоң секирик жасалган. Андан кийинки секирикти былтыр жасадык. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында кыргыз тилин интернетте өнүктүрүү боюнча тендерди утуп алганбыз. Катуу иштеп, бир жыл ичинде дагы 25 миң макала коштук. Ошондо азыр Кыргыз Википедиясында жалпысынан 125 миң макала бар.

Би-Би-Си: Сиз бир тараптан кыргыз Википедиясына макала жайгаштырып, экинчи жактан ыктыярчылар менен “гугл транслейтке” дагы сөз которуу менен кыргыз тилинин интернет аркылуу жайылышына салып кошуп келесиз. Бул жаатта кандай кубанарлык иштер болуп жатат?

Чоробек Сааданбеков: Жаңылыктар көп. Былтыркы жылдын жалпы жыйынтыгын чыгарганыбызда жалпысынан 1 миллион фраза салым болгон. Алардын ичинен биз өзүбүз алган статистика боюнча 650 миң фраза которулган. Ага беш жүз жетимиш ыктыярчы кол кабыш кылган. 2016-жылы дагы “гугл транслейт” акцияларыбызды улантуудабыз. Бүгүнкү күндө “гугл транслейт, кыш-2016” деген ат менен ага кыргыз тилин киргизүү боюнча иштерибизди улантып жатабыз. Азыркы учурда 150 гө жакын киши катталды.

Би-Би-Си: Сиз жетектеген “Биздин-Мурас” коомдук фонду мындан бир нече жыл мурда өз демилгеңиз менен ачылып, ошондон бери сөз которуп, макала жайгаштырып келет. Бул эмгек бүгүн сиздин дүйнөлүк 15 википедиячынын катарына киришиңиз менен эл аралык деңгээлде бааланды окшойт. Ал эми өлкөңүз тарабынан кандай колдоо болуп жатат?

Чоробек Сааданбеков: Кубанткандан түйшөлткөнү көп болуп жатат. Мисалы, өткөн жылы интернетте кыргыз тилин өнүктүрүү деген иш-чаранын алкагында "гугл транслейт" иштерине 1млн.300 миң сом, Кыргыз Википедиясын өнүктүрүүгө 1млн.200 сом каралган болчу. Биз муну улуттук тил комиссиясынын тендеринен утуп алган болчубуз.

Быйылкы жылы деле тендерге кайра эле гугл транслейт, википедия кирди. Бирок жеңүүчүнү тандоодо тендердик талаптары так аткарылган жок. Бул иштерге эч катышпаган, уюшулганына бир жыл болгон, эч ким тааныбаган компанияга жеңишти ыйгарып коюшту. Себеби бул компания арзан бааны көрсөтүп жатышат деп айтышты. Эгерде талап жалгыз гана арзан баа болсо, анда эмнеге квалификациялык талаптарды коюшту?

Биздин оюбуз боюнча, тендердик комиссия туура эмес чечим кабыл алды. Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү тендердик комиссиянын чечимине макул эместигин ачык билдиришти.

Биз төрт-беш жылдан бери жасап жаткан ишибиздин үзүрү катары эл аралык деңгээлде ийгилик жаратканыбызды айта алам. Мен муну жалгыз жасаган жокмун, башында турган киши катары көрүнгөнүм менен биздин артыбызда канчалаган жигит-кыздар бар. Мисалы, "гугл транслейтке" 570 киши катышты. Википедияга ай сайын 60-70 киши жигердүү салым кошуп келатат, катталган кишилердин саны тогуз миңден ашты.

Бизди ойлондурган маселе - мамлекеттин жасаган мамилеси. Алар силер өз билгениңерди жасай бергиле, а биз өз билгенибизди дегендей мамиле жасалгандай. Мамлекет эркин маалымат булактарына көнүп калган адаты менен эле, биз билебиз, биз башкарабыз дегендей орой мамиле жасап жатат.