Муфтият: жол тосуу чоң күнөө

Улак тартыш оюну Ош-Бишкек унаа жолуна жакын жерде болгондуктан, бир нече саатка созулган унаа тыгыны пайда болуп, коомчулукта чоң нааразылыктар айтылган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улак тартыш оюну Ош-Бишкек унаа жолуна жакын жерде болгондуктан, бир нече саатка созулган унаа тыгыны пайда болуп, коомчулукта чоң нааразылыктар айтылган
Published

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жол тосуу ислам дининдеги эң чоң күнөөлөрдүн бири деген билдирүү таратты. Бул билдирүүгө өткөн апта соңундагы Оштун Өзгөн районундагы улак тартыш оюнунан улам Ош-Бишкек унаа жолундагы унаа тыгыны себеп болгон.

"3-январь күнү саат 2.30дан 4:00гө чейин Өзгөн району менен Жалал-Абад облусунун чектешкен жериндеги талаада эки миңдей авто унаа автотыгынга учураган. Бул боюнча коомчулук ар кандай пикирлериди билдирип келсе, айрымдары автотыгын пайда болгон себебин көк бөрү болгонун айтышып, аны көргөнү келген адамдар автоунаасын жолдун четине токтотуп койгонун айтышууда. Бирок кандай гана болбосун жол тосуу ислам диндеги чоң күнөөлөрдүн бири. Жол тосуп, элди өткөрбөй, аялдарга, жаш балдарга зыян берген шариятка туура келбеген арам иш болуп саналат. Анткени суу, жол - жалпы элдик байлык. Андан жалпы эл колдонууга укуктуу», - деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Апта соңунда Өзгөндө жергиликтүү тургун той өткөрүп, улак тартыш оюну болгон. Ага сайылган байгелер чоң болгондуктан, коңшу өлкөдөн дагы улакчылар келип, адам көп барганы айтылган эле.

Жергиликтүүлөр байгеге беш унаа, 20 төө, 20 бука коюлганын айтышкан болчу. Улак тартыш оюну Ош-Бишкек унаа жолуна жакын жерде болгондуктан, бир нече саатка созулган унаа тыгыны пайда болуп, коомчулукта чоң нааразылыктар айтылган.

Бирок милиция унаа тыгыны улак тартыштан эмес, жүк тарткан унаа бузулуп калып, айдоочулар карма-каршы тилкеге салып айдагандан улам 10 чакырымдай унаа тыгыны пайда болгонун билдирген эле. Бул окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат.

Кыргызстанда саясый себептер менен жол тосуу акцияларын өткөрүү кеңири жайылган көрүнүш. 2013-жылы жол буугандарды акчалай айыпка жыгуу боюнча мыйзам кабыл алынган эле. (AbA)