Укук коргоо органдарынын ишин парламенттик комиссия иликтейт

Published

Укук коргоо органдарынын, анын ичинде милиция жана соттордун дарегине жазылган арыздарды изилдеп иликтөө үчүн комиссия түзүү, анын натыйжасында күч органдарынын ишиндеги кемчиликтер менен өксүктөрдү аныктоо, аларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жөнүндө маселе Жогорку Кеңеште көп убакыттын бери биринчи жолу көтөрүлүп жатат.

Комиссия түзүү сунушу “Өнүгүү” фракциясынын жыйынында айтылды. Аталган фракциянын башчысы Бакыт Төрөбаев Би-Би-Сиге берген маалыматында, бир жыл ичинде Жогорку Кеңешке жарандардан келип түшкөн алты миңден ашуун арыздын дээрлик отуз пайызы укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу экенин баса белгиледи.

"Эмне үчүн көрсөткүч мындай жогору. Биз ошону талдап, анализ кылып чыгышыбыз керек. Балким мыйзамдарды өзгөртүү керекпи, ошондуктан биз комиссия түзүп, арыздардын негизинде сунуш беришибиз керек", - деди Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңешке түшкөн арыздардын көлөмү чынында эле укук коргоо органдарына болгон элдин мамилесинин бир көрсөткүчү болуп саналат. Бирок ошол эле учурда алардын ишине болгон арыз-даттануулар мурдагыдан көбөйүп же азайып кетти деп айтканга негиз жок. Күч органдарына нааразылык мындан беш жыл мурда кандай айтылып келсе, азыр басылып калган жок, ошондой эле айтылууда.

Эл ичиндеги нааразылыктын себептери катары биринчи кезекте жабык жайларда болуп жаткан кысым-кыйноолор, милициянын ичинде бөрк ал десе баш алган ээнбаштыктар, коррупция, анын ичинде соттордун чечимдеринин сапаты жана башка себептерди айтса болот. Коомдук талдоо институтунун жетекчиси Рита Карасартованын айтымында, бул жерде эң оболу прокуратура органдарынын көзөмөлдүк функциясынын натыйжасы сезилбей жатат.

"Бүт иштин баарын оңдой турган прокуратура. Милициянын, соттордун туура эмес иштерин көзөмөлдөй турган ошолор. Алардын бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок прокуратуранын иши көрүнбөй жатат. Тескерисинче, алар бирдиктүү бир мафияга кирип алып, карапайым адамдардын укуктары тебеленгенин көрүп жатабыз", - дейт Рита Карасартова.

Прокуратура органдары өз кезегинде укук коргоо органдарынын ишиндеги мыйзамсыз көрүнүштөрдү жаап-жашырбай, бардык укук бузууларга тийиштүү чара көрүлүп жатканын белгилеп жооп айтышууда. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2014-жылы прокуратура органдарына кыйноо жана башка адамгерчиликсиз мамиле жөнүндө 220 кайрылуу келип түшкөн.

2015-жылы арыз-даттануулар көбөйүп 291 арыз түшкөн. Өзгөчө сотко чейинки тергөө иштери учурунда кысым-кыйноо фактылары көп болуп жаткандыктан, Башкы прокуратурада 2013-жылы Кылмыш процессинин сотко чейинки мөөнөтүндө жарандардын укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмү ачылганын да айта кетели. Аталган бөлүмдүн жетекчиси Бакыт Кетиренов жарандардан келип түшүп жаткан арыз-даттануулар боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп, көп иштер сотко ашып жатканын жүйөө тартууда.

"Жарым жыл ичинде биздин бөлүм көп кайрылууларды карап чыктык. Кыйноолор боюнча жакында текшерүү жүргүзүп, он кылмыш ишин козгодук. Бул кылмыш иштери жаап-жашырылган же ички органдарда маанилери өзгөртүлүп, жашырылып калган иштер болуп саналат. Биз козгогон кылмыш иштерин кошкондо азыр жалпысынан кырк кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Бакыт Кетиренов.

Прокуратура органдары аткаруу бийлиги тарабынан мыйзамдардын так аткарылышын эле талап кылбастан, карапайым адамдардын укуктарын эффективдүү коргоого алышы керектиги президенттин да кайрылууларында башкы тапшырмалардын бири болуп айтылып келатат. Кыязы, бул маселе боюнча Башкы прокуратуранын жана Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги жылдык отчету каралганда аткарылган иштин майнабы жана өксүгү даана көрүнчүдөй. (KC)