Айгерим Тургунбаева: ишкер айым болуу оңой эмес

Айгерим Тургунбаева - Кыргызстанда жашы отузга жете элек, ийгиликтүү айымдардын катарын толуктайт. Ал айымдарга арналган журналдын редактору, андан сырткары чакан дүкөн иштетет жана өз демилгеси менен муктаждарга жардам берип келет.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айгерим Тургунбаева - Кыргызстанда жашы отузга жете элек, ийгиликтүү айымдардын катарын толуктайт. Ал айымдарга арналган журналдын редактору, андан сырткары чакан дүкөн иштетет жана өз демилгеси менен муктаждарга жардам берип келет.
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Би-Би-Синин 100 айым маалымат өнөктүгүнүн алкагында Кыргызстандагы алдыңкы ишкер айымдар тууралуу баяндайбыз.

Кыргызстандагы бизнес уюмдары өлкөдө ишкерликке берилген айымдардын саны акыркы учурда өсүп жатканын айтып келишет. Аялдар өзгөчө жеке мекеме, менчик компания ачып өлкөдөгү кичи жана орто бизнестердин кыймылдаткыч күчү катары каралууда.

Айгерим Тургунбаева - Кыргызстанда жашы отузга жете элек, ийгиликтүү айымдардын катарын толуктайт. Ал айымдарга арналган журналдын редактору, андан сырткары чакан дүкөн иштетет жана өз демилгеси менен муктаждарга жардам берип келет.

Сапаргүл Абдинабиева ишкер айым Айгерим Тургунбаева менен маектешип, ишмердүүлүктүн алгачкы кадамдары эмнеден башталган? - деген суроо узаткан.

Айгерим Тургунбаева: Мен биринчи курстун аягынан баштап эле окуудан сырткары иштеп баштагам. Андан кийинки жылы журналистикага кызыгып, Бишкектеги маалымат каражаттарынын биринде жарым жыл иштеп көргөндөн кийин, дизайнерлик студияга өттүм. Ошентип окуп да, иштеп да жүргөм. Окуумду бүтөөрүм менен программа боюнча Германияга барып, бир-эки ай окугандан кийин эле бала баккыч, үй жардамчысы болуп ишке киргем.

Менимче бул кыйынчылыктарды чет өлкөдө жүргөн көпчүлүк кыргыздар башынан өткөрсө керек. Такшалдым, көп нерсе үйрөндүм. Учурда “Fashion collection” журналынын редактору болуп иштеп жатам. Бул Кыргызстандагы алгачкы франшиза менен алынган журнал болуп саналат. Багыты мода жана стиль тармагында. Жумушум оңой деп айта албайм, баары тажрыйба менен келет экен.

Сапаргүл Абдинабиева: Мындан бир нече ай мурда социалдык тармактарда сиздин өз демилгеңиз менен жетим балдарды Казань шаарына окууга жибергениңиз жакшы талкуу болду эле. Бул демилгени эмне себептен көтөрдүңүз эле?

Айгерим Тургунбаева: Үчүнчү курста группалаштар менен чогулуп, балдар үйүнө барууну сүйлөштүк. Ал Беловодское айылында жайгашкан болчу. Барганда эле балдардын көздөрү жүрөгүмдүн түпкүрүнө орноп алды. Андан кийин балдарга кантип жардам берүүнү ойлонуп жүрдүм. Жалгыз адам көп нерселерди жасай албайт деп, социалдык тармактардын биринде “Өчпөс үмүт чырагы” деген аталышта группа түзүп, анын мүчөлөрү күндөн күнгө көбөйүп, чогулуштарды өткөрүп баштадык.

Эрте жазда Кыргызстанда уюштурулган конференцияга катышуу үчүн келген Казань шаарынын тургуну Клара аттуу делегат менен тааныштым. Ошол адамга жетим балдар менен иштешип көрдүңөр беле? Абдан тырышчаак, окуйм деген балдар бар, аларга жардам берген иш-чараларды уюштурсак кандай болот деп сунуш киргиздим. Ал жетекчилик менен сүйлөшүп, бир жумадан кийин макул деген жообун айтты. А мен Караколдогу жетим балдарга тарбия берчү мекеменин директору менен сүйлөшүп, мага беш бала керек деп, аларды июлга чейин даярдадык. Казандан келген мугалимдерге балдар экзамен беришти.

Баллдары бир аз төмөн болгону менен баарын алабыз деп калганда кубанганымды айтпаңыз. Анан директорго сүйүнүп чалдым. Ал да аябай кубанды. Окууга өткөнү белгилүү болгондон кийин балдардын күндөлүк чыгымдарына акча чогулта баштадым. Кайрымдуулар бар экен, жакшы эле жыйналды. Ошентип август айында беш жетим баланы Казань шаарына окууга жибердик. Азыр интернет аркылуу бат-бат сүйлөшүп турабыз, баары жакшы буюрса.

Сапаргүл Абдинабиева: Кыргызстандагы сиз сыяктуу ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрү жана иштөө шарттары тууралуу эмнелерди айта аласыз?

Айгерим Тургунбаева: Азыр биз эмне кылсак дагы коомубуз Европага карай өзгөрүп жатат. Бирок муну деградация деп айтканга болбойт. Биздин менталитетке жараша биздин аялдар бизнесте канчалык ийгилик жаратпасын, үй-бүлөдө орду бар. Аял - эне, ошого жараша көп нерсе өзгөрүп кетиши мүмкүн. Мен тааныган ишкер айымдардын ичинен косметика компанияларынын биринде жетекчилик кылган Мээрим деген айым жаш кезинен эле ийгилик жаратууда, Дарика деген дагы бир ийгиликтүү ишкер айым бар.

Ал абдан чоң долбоорлорду ишке ашырууда. Көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана жабылышында абдан чоң салымын кошту. Андан тышкары атасынын бизнесин андан ары өнүктүргөн Элвира Сурабалдиева деген ишкер айымды билем. Ал көптөгөн адамдарды иш менен камсыз кылып, жакшы иштерди жасап жатат.

Сапаргүл Абдинабиева: Бизнес-вумендин бир күндүк иш графиги кандай болду экен?

Айгерим Тургунбаева: Чынын айтсам мен эрте тура албайм. Эрте менен тогуз-ондорго чейин эс алам. Анткени кечинде түн бир оокумга чейин иштөөгө туура келген учурлар абдан көп болот. Күнүм жумуш менен башталып, түрдүү жолугушуулар менен уланат. Бир эле учурда үч жерде: продакшн студияда продюсер, журналда редактор жана накталай киреше алып келүүчү чакан дүкөндү иштетем. Кээде жетишпей калган учурлар болот. Ал эми кечинде китеп окуганды жактырам.