Коалициялык сүйлөшүүлөр: азыраак өзгөрүүлөр күтүлөт

Кыргызстанда парламенттик шайлоодон жеңип чыккан алты партиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр жыйынтыкталууда.
Апта соңунда коалициялык көпчүлүккө Социал демократтар менен бирге мурда божомолдонгондой эле “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Мекен” фракциялары кирээри белгилүү болгон.
Мындан тышкары спикерлик кызматка буга чейинки төрага Асылбек Жээнбеков кайрадан сунушталып жатканы айтылууда.
Жергиликтүү “24.kg” агенттиги Жогорку Кеңештеги булактарга таянып, коалициялык көпчүлүк премьер-министр Темир Сариевди дагы ордунда калтырууну пландап жатканын билдирди.
Оппозициялык лагерде “Республика-Ата-Журт” жана “Бир Бол” фракциялары калаары күтүлүүдө.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин түзүмүндө өзгөрүүлөр болушу ыктымал. Айрым фракциялар буга чеийнки үч вице-премьерлик кызматты экиге, үч вице-спикердик орунду дагы экиге кыскартууну сунуштап жатышат.
Жогорку Кеңештин регламенти боюнча башкаруучу партиядан спикер жана ар бир фракциядан бирден вице-спикер шайланышы керек. Бирок бул жолу коалициялык көпчүлүктүктүн атынан бирөө, оппозициялык фракциялардан бирөөнү көрсөтүү сунушталууда.
2011-жылдан бери президенттик-парламенттик башкарууга өткөн Кыргызстанда премьер-министрлик кызматка башкаруучу коалицияга кирген партиялардын биринен же бейтарап ишмерди көрсөтүү тажрыйбасы калыптанууда.
Темир Сариев көз карандысыз, бирок президент Алмазбек Атамбаевге лоялдуу саясатчы деп сыпатталып келет.
4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгында алты партия парламентке кирген. Алар – Социал демократтар, “Республика-Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Бир Бол” жана “Атамекен” партиялары.




























