Экстремисттик маанайдагы интернет сайттарды жабуу аракети

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кыргызстанда экстремисттик маанайдагы интернет сайттарды жабуунун жол-жобосу даярдалууда. Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдында атайын жумушчу тобу түзүлүп бул маселенин үстүнөн иш алып барууда.
Расмий маалыматтарга караганда интернеттеги экстремисттик маанайдагы материалдарды соттун чечими чыкканга чейин убактылуу жабуу сунушу киргизилип жатат.
“Бизде экстремисттик маанайдагы сайттар болобу, маалыматтар болобу азыркы мыйзам боюнча сот аркылуу жабылышы керек. Ошол эле учурда бизге маалым болгондой экстремизмге тишелүү маалымат абдан тез тарап кетүүдө. Ошондуктан Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдында жумушчу тобу түзүлгөн. Бул топ сотко чейин экстремисттик маанайдагы сайтка же маалыматка тыюу салуу жол-жобосун карап жатабыз. Маселен, укук коргоо органдары ошондой маалымат тапкан болсо, ал сотко кайрылат. Сот чечими чыкканга чейин ошол сайтка же маалыматка убактылуу бөгөт коюу туралуу өтүнүчүн келтирет. Негизи мындай чечим бир күндүн ичинде эле чыкса болот. Эгерде мыйзамга өзгөрүүлөрдү киргизе алсак, анда бизде ошондой механизм пайда болот”,-деди Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов.
Соттук териштирүүнү күтүү көп учурда экстремисттик маанайдагы материалдын жайылышына себеп болууда дейт расмйилер. Эгер мыйзамга өзгөртүү киргизилип калса, интернет аркылуу таратылган экстремитсттик маанайдагы материал же сайттарды соттун чечимин күтпөстөн эле чукул арада бөгөт коюуп, таратпоо механизимдери ишке кирмекчи.
“Соңку маалыматтар боюнча экстремизмге тишелүү миңдеген маалыматтар чыгып жатат. Бирок азыркы учурда аларга бөгөт коюу жолу сот аркылуу ишке ашышы керек. Сот болсо бир канча күнгө, айга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Маселен, Ошол эле Ютуб сайтын эле карасак ар кандай экстремисттик кайрылуулар чыга калып жүрбөйбү. Ошолорду жабыш үчүн сотко кайрылууга туура келип жатат ”,- деди Эрнис Мамырканов.
Жыл башында өлкөнүн атайын кызматтары кыргыз жарандарын Сирияга азгыруу көрүнүштөрүнүн 35 пайызыга жакыны интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жүрүп жатканын билдиргени бар. Соңку учурда “интернет-имам” деген түшүнүк пайда болуп, диний экстремисттик топтун мүчөлөрү өз катарына жаштарды тартуу үчүн интернетти колдонуп, ал аркылуу байланыштарды түзүп, маалыматтарды таратууга аракет кылып жатканы айтылып, бир нече фактылар ачыкка чыккан.
Май айында укук коргоо органдары интернеттеги 30дан ашуун маалыматтык порталдарда жана социалдык тармактарда экстремисттик маанайдагы материалдарды аныктоо үчүн атайын иликтөө жүрүп жатканын билдирген эле. Ошол эле учурда экстремисттик материалдарды таратат делген сайттар боюнча да иликтөөлөр жүрүп жатканы айтылып келүүдө.

























