Бишкек мэриясы кыргыз тилин түшүнбөйт деген сынга жооп кайтарды

Бишкек мэриясы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек мэриясы
Published

Бишкекте “Каганат” аттуу агенттик шаардын басма-сөз кызматкерине шилтеме жасап, мэриянын көчмө жыйынында бул кызматтын өкүлдөрү премьер-министр Темир Сариевдин кыргыз тилинде айтылган сөздөрүнө түшүнбөйт жатканы тууралуу макала жарыялаган.

Макалада агенттиктин кабарчысы шаар бийлигинин маалымат бөлүмүнө телефон чалып, өкмөт башчынын сын-пикирлери тууралуу жооп сураганда “премьер-министрдин айткандарын түшүнгөн жокпуз” деп жооп беришкени белгиленген.

Бул макала интернет форумдарда кызуу талкууга алына баштады. “Фейсбук” тармагындагы айрым колдонуучулар буга байланыштуу мэриянын кызматкерлерин эле эмес, мэрди өзүн да кызматтан кетүүгө үндөшкөн.

Апта соңундагы көчмө жыйында премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарынын жетекчилерин шаардын азыркы абалы боюнча катуу сынга алган эле.

Би-Би-Си Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурай Марска кайрылып, жергиликтүү агенттикте жарыяланган сын-макалага шаар бийлиги кандайча жооп берет? - деп сурады.

Нурай Марс: Биз “Каганат” сайтында жарыяланган макаладагы маалыматтар чындыкка төп келбей турганын билдиребиз. Премьер-министр Темир Сариев катышкан көчмө жыйын ишемби күнү болгон. Анда биздин бөлүмдөн бир кызматкер жыйынга катышкан. Ага эч ким бул маселе боюнча телефон чалган эмес. Премьер-министрдин сөзүн түшүнгөн жокпуз деп айткан эмесмиз.

Би-Би-Си: Мамлекеттик тилди пайдалануу маселеси көптөгөн мамлекеттик мекемелер үчүн талылуу суроо болушу керек. Бишкек мэриясы, анын ичинде шаар башчысы Кубанычбек Кулматов кыргыз тилинде эркин сүйлөйт жана кеңири колдонот деп айта аласызбы?

Нурай Марс: Мыйзам боюнча муниципалдык кызматкерлердин бардыгы мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү. Андыктан, мэрияга жумушка алынганда талапкерлердин мамлекеттик тил билими сөзсүз түрдө текшерилет. Мэр Кубанычбек Кулматов жыйындардын көбүн, айрыкча көчмө жыйындарды кыргыз тилинде өткөрөт. Суроолорго мамлекеттик тилде берилсе мамлекеттик, расмий тилде берилсе расмий тилде жооп берет.