Президент Атамбаев Үркүндүн 100 жылдыгы жөнүндө Жарлыкка кол койду

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев “1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкта кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү жана андан кийин болгон Үркүн Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орду жөнүндө айтылат.
“XX кылымдын башында дүйнөнү бөлүштүрүү үчүн ири империялардын күрөшү кыргыздардын жана Түркестандагы башка элдердин да абалына терс таасирин тийгизди. Россия империясынын колониалдык катаал саясаты падыша чиновниктеринин жана жергиликтүү төбөлдөрдүн элге кылган кыянаттыгынын айынан ого бетер күчөгөн. Түркестан крайынын көчүрүү башкармалыгы жүргүзгөн жер саясатынын маңызы колониялаштыруу үчүн жерлерди бошотууга багытталып, ал 1916-жылдагы окуялардын түпкү социалдык-экономикалык себеби болуп калды.
Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен падышалык саясатка болгон нааразычылык улуттук-боштондук кыймылын күчөттү. Түркестандагы жергиликтүү калкты аскердик-ооруктук жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө падышанын жарлыгы жапырт каршылык көрсөтүүгө тикелей түрткү болду. 1916-жылдын 4-июлунда Кожент шаарында тажиктер, кыргыздар, өзбектер жана Фергана өрөөнүндөгү башка элдер алгачкы толкундоолорду баштаган. Андан көп өтпөй ар кандай калктуу конуштардагы кагылышуулар бүткүл Түркестанды кучагына алган. Анын кесепетинен жергиликтүү калк жана орус келгиндери жабыр тартышкан.
Кыргызстандагы массалык толкундоолор көтөрүлүшкө айланган, бирок ал орус элине эмес, падышачылыктын колониалдык саясатына каршы болгон. Кыргыздардын көтөрүлүшүн башка этностор да колдогон. Ысык-Көлдө орус дыйкандарынын падыша аскерлерине каршы ок аткан учурлары белгиленген”,- деп айтылат Жарлыкта.
1916-жылдагы көтөрүлүштү Түркестандын бүткүл аймагы боюнча падышалык жазалоочу отряддар мыкаачылык менен баскан. Жарлыкта белгиленгендей, ошол кезде азыркы Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жашаган кыргыздардын көпчүлүк бөлүгү жанын сактап Кытайга качууга аргасыз болушкан. Качкындарды куугунга алышкан. Бул куугундан, анын ичинде ачкачылыктан жана суукка тоңуп жүз миңдеген адамдар каза болгон. Бул каргашалуу окуялардын кесепетинен, тарыхчылардын пикири боюнча, жергиликтүү калктын саны 40 %га азайган. Ашууларда каза болгондордун сөөктөрү азырга чейин жерге берилбей калууда.
Президент Жарлыкта Үркүндүн жүрүшүндө набыт болгондордун жаркын элесин түбөлүккө сактоо жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн өлкөнүн тарыхындагы жана кыргыз мамлекетинин курулушундагы татыктуу ордун аныктоо Кыргызстан элинин ыйык милдети деп эсептелсин деп белгилеп, Өкмөткө 1916-жылдагы окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планын сунуштады.
Ал сунуштар:
- 1916-жылдагы каргашада адамдар массалык түрдө каза болгон жерлердеги адамдардын сөөктөрүн жерге берүү үчүн зарыл болгон жол-жоболор аткарылышы керек;
- Бишкек шаарында эстелик, ошондой эле адамдардын сөөктөрү коюлган жерлерде обелисктерди орнотуу, 1916-жылдагы окуяларга тарыхый жактан объективдүү баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссиянын базасында курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка гуманитардык илимдердин өкүлдөрү кирген жумушчу топту (мындан ары – Жумушчу топ) түзүү, ошондой эле ушул маселе боюнча илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү;
- Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө, жарандыкка жана патриоттуулукка тарбиялоо идеяларын жайылтуу боюнча жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын демилгелерин колдоо.
Жарлыкта ошондой эле бул иш-чараларды жүзгө ашыруу үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондусунан он миллион сом бөлүү жөнүндө тапшырма берилди.




























