Кыргызстан: жаңы өкмөт башчы тандалат

Published

Кыргызстандагы коалициялык көпчүлүк жаңы премьер-министрдин ордуна сунушталып жаткан талапкерлердин ысымын аташы ыктымал.

Эң башкы талапкер - Экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин ысымы аталып, талкуулар жүрүп жатат.

Андан тышкары вице-премьерлер Тайырбек Сарпашев, Валерий Диль, мурдагы мэр Иса Өмуркулов, Өзгөчө кырдаал министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов, жана Мамлекеттик кадрлар кызматынын башчысы Аалы Карашевдердер көрсөтүлгөнү айтылууда.

Парламенттеги башкаруучу партиялар жаңы өкмөткө мурдагы өкмөттүн курамындагы өкүлдөрдүн бирин дайындоочу чечкенин билдирген. Азырынча, бирдиктүү талапкердин ысымы расмий түрдө жарыялана элек.

Бирок саясий эксперттер жаңы өкмөттү жетектөөгө Темир Сариевдин тандалуу мүмкүнчүлүгү чоң деп эсептешет.

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кумтор маселесине байланыштуу келишпестиктерден улам кызматынан кеткен.

Келерки өкмөт башчыны эми Кумтөрдөн тышкары, саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кошулушу жана күзүндөгү парламенттик шайлоолорду таза өткөрүү сыяктуу чакырыктар күтөт.