УКМК "Вечерний Бишкектин" кайрылуусу боюнча иликтөө баштады

Серепчилердин баамында "Вечерний Бишкек" саясаттын куралы катарында талашка түшүп, саясатташкан маселеге айланууда.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Серепчилердин баамында "Вечерний Бишкек" саясаттын куралы катарында талашка түшүп, саясатташкан маселеге айланууда.
Published

Кыргызстанда "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн айланасындагы кырдаал курчуп, чарбалык талаштан саясий жана коопсуздук маселесине айланууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Вечерний Бишкек» интернет басылмасында жарыяланган кайрылууда конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырыктар бар болушу мүмкүн деп шектенип, иликтөө иштерин жүргүзүп баштаганын билдирди.

Бир күн мурда «ВБ» басма үйүнүн эмгек жамаатынын жана жетекчилигин атынан бардык саясий күчтөргө, коомдук уюмдарга жана бизнес коомчулукка кайрылу жарыяланган, анда өлкөнү жана кыргызстандыктардын келечегин сот кысымынан, президент Атамбаевдин айланасындагы адамдардын зордугунан сактап калууга чакырык айтылган.

«ВБ» эмгек жааматы андан мурда президент Атамбаевге кайрылып, шайлоо алдында «ВБ» басма үйүн тартып алууга аракет кылган адамдар катары президенттин айланасындагы, атап айтканда, президент аппаратынын жетекчисинин орун басары Иркам Илмияновдун, президент кеңешчиси Фарид Ниязовдун жана президенттин мурдакы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин атын аташкан.

"Ачыктан ачык эле баскынчылык-рейдерчилик болуп жатат. Мунун баары президенттин жанындагы үч адамдын кийлигишүүсү менен болуп жатат",- деди Би-Би-Сиге «ВБ» басма үйү чыгарып жаткан «Жаңы агым» гезитинин баш редакторунун орун басары Мелис Совет уулу.

Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов «ВБ» айланасындагы маселе чарбалык талаш экенин белгилеп, бул ишке өзүнүн да, бийликтин башка адамдарынын да таптакыр тиешеси жок экенин билдирип келатат.

"ВБ" окуясына улуттук оппозиция да кийлигишип, бул медиа ишкананын таламын талашып, бийликти айыптап чыккан. Саясий серепчи Бакыт Бакетаевдин айтымында, «ВБ» газетасы бул бизнес эле эмес, "саясаттын да куралы, ошол үчүн кирешелүү жана таасирлүү гезитти талашуу процесси саясатташып жатат" дейт.

Улуттук коопсуздук комитети мурдакы маалыматында президент Атамбаевдин тапшырмасы боюнча «ВБ» кайрылуусунда бийлик адамдарына коюлган айыптар боюнча Башкы прокуратура менен биргелешкен текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирген. «Вечерний Бишкек» газетасы өз кезегинде иликтөөнүн жүрүшү бул окуяда басма үйүнүн жетекчилигин күнөөлүү кылгандай өңүттө жүрүп жатат деп жазууда.

«Вечерний Бишкек» басма үйүнө керектүү каражат негизинен «Рубикон» рекламалык фирмасынан түшөт. Өткөн жылы сот бул фирманын мурдакы кожоюндарынын бири Александр Рябушкиндин доо арызын карап, аталган агенттикке анын менчик укугу кайтарылсын деп чечим чыгарган.

Бул Аскар Акаев президент болуп тургандан бери чечилбей келаткан чыр. 2010-жылдан кийин чыр токтогонсуп калган, бирок өткөн жылдан бери соттук талаш-тартыш кайрадан жанданып, азыр чечүүчү фазасына келип турган чагы.