Мамытов: Жоопкерчиликтен качкан жокмун

Сүрөттүн булагы, Kenesh.kg
- Author, Кубат Касымбеков
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери
- Published
Июнь айынан бери "Кыргызалтын" ишканасын жетектеп, Кумтөр кени боюнча “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Токон Мамытов кызматтан кетти. Анын өз ыктыяры менен жазган арызын Мамлекеттик мүлк фонду жана компаниянын директорлор кеңеши канааттандырганын Токон Мамытов "Би-Би-Сиге" маегинде билдирди.
Ал кызматтан кетишине премьер-министр менен позицияларынын эки ача чыкканы себеп болгонун айтты. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев “Центерра” менен биргелешкен ишкана түзүү долбоору Кыргызстан үчүн кирешесиз экенин билдирип, анын ордуна компаниядагы башкарууну күчөтүү сунушун айткан. Оторбаев чет өлкөлүк жети жаранды “Центерранын” директорлор кеңешине сунуштап, алар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт деп билдирген. Би-Би-Си Токон Мамытовдон алгач эмне үчүн кызматтан кетүүнү чечкенин сурады.
Токон Мамытов: Суроого так жооп берсем, 8-апрелде түнкү саат ондо премьер-министр “Кыргызалтынга” келип, чет өлкөлүк жети жаран боюнча маселе көтөргөн. Ошондо мен ал кишиге бул адамдардын ой-пикирин билбей туруп, сүйлөшпөй туруп сунуштаганга бара албашымды айттым.
Мүмкүн булар ак ниеттүүдүр, көптөн бери чечилбей келаткан Кумтөр маселесин чечип беребиз деп ушундай ишке барып жаткандыр. Бирок аларды көрбөй туруп, электрондук кат аркылуу алардын фамилиясын алып, анан ошол кат боюнча эле чечим чыгарсак туура эмес го деп ойлойм. Себеби эртең эл сурайт, парламент сурайт, анда биз жооп бере албай калабыз.
Ошондуктан мен буга макул эместигимди айттым. Экөөбүздүн пикирибиз кайчылаш чыкты. Арызымды кабыл алып, кол коюп берсеңиз жумуштан кетейин десем, ал киши көнгөн жок. Менден сунуш сурады. Анан мен ал кишилерди бул жакка чакыралы, сүйлөшөлү, алардын планын, тактикасын угалы, жардам берели, биздин мыйзамдарды айтып, алардан канадалык мыйзам боюнча кеңеш сурап, ойлонуп туруп иш кылалы десем ал киши макул болгон. Макул болуп, ошону менен менин жумуштан кетүү тууралуу арызым каралбай калды жана иш да токтоп калды.
Кечээ парламентте болсо, мурда сүйлөшкөндөй болбой калды. Анан мен кетишим керек экен деп ойлодум. Бирок менин оюм, кандай болбосун, эмне болбосун Кумтөр маселесин кыргыз элим деп жүрөгү соккон адамдар чечиши керек. Кандай болбосун, улутташтыруу болобу, биргелешкен ишкана болобу, же дагы 3-4-вариант чыгабы баары бир эң негизги принцип Кумтөр маселесин эл үчүн иштегендей чечиш керек.
Кубат Касымбеков: Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин кызматтан убактылуу четтетилишине да дал ушул чет өлкөлүк адамдардын маселеси себеп болбоду беле. Эмне үчүн бул адамдардын талапкерлиги тез арада каралып чыгышы керек болууда?
Токон Мамытов: Шашылыш иш болуп жатканы боюнча мен ойлойм, 8-майда “Центерранын” акционерлеринин жыйналышы болот. Ошого жетишип калалы деген аракет деп ойлойм. Бирок биз канадалык юристтерден консультация алып, алардын кагаздарын да алдык.
Аларда: “Азыркы өкмөт тандаган жол туура эмес, татаал жол. Максатына жетпей калышы мүмкүн. Жыйынтыгында Кыргызстанга шек келип калат”,-деп жазылыптыр. Юристтер муну премьер-министрге айтуумду суранган. Мен айттым. Бирок ал киши муну эске алган жок.

Сүрөттүн булагы, none
Кубат Касымбеков: Кайсы сунуш жөнүндө сөз болуп жатат?
Токон Мамытов: Чет өлкөлүк жети жаранды директор кеңешине сунуштоо жөнүндө айтып жатышат.
Кубат Касымбеков: Бул маалыматты өкмөт башчыга билдиргениңизге карабастан, анын бул сунушту кабыл албаганын сиз өзүңүз кандай баалап жатасыз?
Токон Мамытов: Эми мен эмне үчүн мындай кадамга барганын билбейм. Аны өзүнөн сурап көрүш керек го.
Кубат Касымбеков: Кумтөр боюнча бир жылдан берки сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпай калды. Өкмөт башчы жаңы сунушун парламент колдобосо, кызматтан кетүүгө даярдыгын айткан. Эми болсо сиз кызматтан кетүүнү чечтиңиз. Бул көрүнүш Кумтөр маселесин чечүүгө бел байлаган адамдардын жоопкерчиликтен качканы эмеспи?
Токон Мамытов: Мен жоопкерчиликтен качкан жокмун. Мен бул маселени чечем деп жатам. Бирок менин сунушумду кабыл албай жатышса, жөн эле кызматымда отура бербеймин да. Мен Кумтөрдөн Кыргызстанга канда пайда алып келүү жолдорун билем. Анткен менен менин сунушум, менин позициямды жактырышкан жок. Жөн эле отура бербей отставкага кетейин деп жатканым ошондон.
Кубат Касымбеков: “Центерранын” директорлор кеңешине талапкерлерди сунуштоо процессин түшүндүрүп өтөсүзбү?
Токон Мамытов: “Центерранын” директор кеңешинин курамы он бир адамдан түзүлөт. Үчөө Кыргызстандын, сегизи Канаданын атуулдары. Кыргызстандан Шакиров, Садыров жана Орозбаевдер иштеп жатышат. Калган сегиз орунга жанагы жети талапкер сунушталып жатат. Канадалык юридикалык компания бизге: “Мыйзамдык тоскоолдук жок, бирок бул татаал, оор маселе. Максатына жетпей калышы мүмкүн. Кыргыз өкмөтү бул жолго бекеринен түшүп жатасыңар, шашпагыла, дагы ойлонгула, мүмкүн башка жолдорду тандайсыңар”,-деген кеңештерин айтып жатат.
Кыргызстан менен “Центерра” компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн юридикалык компанияны жалдаганбыз. Компаниянын Канададагы кеңсесиндегилер ушундай кабар беришти. Алар курулуш иштери жүрүп жатканы үчүн убакыт жана 500 миң доллар бекер кетиши ыктымал деген пикирлерин айтышты.
Кубат Касымбеков: Сиз июнь айынан бери "Кыргызалтынды" жетектеп, негизги сүйлөшүүлөрдү тескеген адам болчусуз. Иштин көзүн билесиз. Кумтөр маселесин Кыргызстандын кызыкчылыгына чечүү үчүн азыр кыргыз тараптан эмне жетишпей жатат?
Токон Мамытов: Принципиалдуу позиция керек болуп жатат. Канадалыктардан коркпой-үркпөй Кыргызстандын талабына ылайык келген сунуштарды даярдап жибергенбиз. Ошол талаптардан бир кадам да жылбай туруп, өз позициябызды бекем карманышыбыз керек. Мындан тышкары “Кыргызалтын” дагы бир нече кадамдарды даярдап жаткан. Алар калды, мен алып кеткен жокмун. Эми аларды аткарыш керек. Ошондо ийгиликке жетебиз.




























