Кыргызстан «Ислам мамлекети» тобуна тыюу салды

Сүрөттүн булагы, Getty
Улуттук коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратура биргеликте экстремизм жана терроризмге каршы алдын ала иш-аракеттеринин алкагында “Ислам мамлекети» тобун экстремисттик жана террористтик топ деп тааныды.
2015-жылдын 13-февралында Бишкектеги Октябрь райондук сотунун чечими менен «Ислам мамлекети» тобу террордук жана экстремисттик топтор деп табылып, Кыргызстанда алардын иш-аракеттерине тыюу салынган.
«Октябрь райондук сотунун бул чечими мыйзам катары 2015-жылдын 16-мартынан тартып күчүнө кирди», - деп айтылат Улуттук коопсуздук комитети тараткан билдирүүдө.
Кыргызстанда тыюу салынган онго чукул диний уюм бар. Алардын ичинен абдан тамыр жайган жана кырдаалды курчуткан уюм катары "Хизб-ут-Тахрир" аталып жүрөт.
Бирок соңку мезгилдери Иракта жана Сирияда аракеттенген «Ислам мамлекети» тобуна Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан атуулдары кошулуп кетип жатканы тууралуу кабарлар бул уюмдун корукунучун арттырган.
Кыргызстандан болжолу менен эки жүздөн ашуун киши Сириядагы согушка тартылганы божомолдонууда.
























