Кургак учук: түкүрбө, оору жуктурасың

Сүрөттүн булагы, b
- Author, Сапаргүл Абдинабиева
- Role, Бишкектик журналист
- Published
Ондогон адамдардын өлүмүнө себепчи – түкүрүк. Көчөдөгү түкүрүк кургак учуктун булагы. Кыргызстан кургак учуктун оор түрү катталган 27 өлкөнүн катарына кирет дешет адистер. Өлкөдө жыл сайын жүздөгөн адам аталган ооруга кабалып, басымдуу бөлүгү оор түрү менен жабыркашат. Алардын дээрлик 99 пайызы аба аркылуу жуктуруп алгандар. Түкүрүп, какырынуу адатка айланган коомдо бул оору кеңири жайылышы мүмкүн.
Адистердин айтымында, кургак учукту жуктуруп алуунун ондогон коркунучтарынын тизмесинде шилекей аркылуу тароо жолу да бар. Ал эми кыргыз коомчулугунда шилекей же коомдук жайларда какырынып-түкүрүнүү маселеси эң курч көйгөлөрдүн бири. Кайсы сейил бакка барба, түкүрүп-какырынган адамдарды көрүүгө болот.
“Кургак учукту жуктуруп алуунун эң негизги жолу – аба. Абадагы жугуштуу микробдор адамга оңой эле жабышат. Оору алып жүрүүчү микробдорго нымдуу жер жакшы шарт түзүп берет. Биздин шаардын кайсыл жерин караба түкүрүк көрөсүң. Коомдук транспорттордо жөтөлгөн, чүчкүргөн адамдардын көпчүлүгү оозун чүпүрөк менен жаппайт, шилекейи башкага чачырайт. Бул маданиятсыздык”, - дейт Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулаат Кадыров.

Сүрөттүн булагы, v
Адамдын жерге түшкөн түкүрүгү бир нече сааттан кийин кургап, чаң менен аралашып, жогоруга көтөрүлөт. Ал абадан дем алган адам дароо илдетке чалдыгат деп кошумчалоодо адис:
“Жерге түшкөн түкүрүккө күндүн күчтүү табы тийсе жакшы, андагы микробдор өлөт. Бирок ал көлөкөдө же нымдуу жерде калса улам кургаган сайын чаң кошулуп микробдор абага көтөрүлөт. Аба аркылуу соо адамга жугат”.
Бишкектик Арлен да эки жыл мурда көпчүлүк сыяктуу эч нерседен кабары жок жүргөн. Бирок өткөн жылдын жай айында документин тууралап жүрүп флюорографияга барган. Текшерүүдөн өткөн соң ал кургак учуктун алгачкы этабында экени анык болгон:
“Жайында ооруканага текшерилгени барып калдым. Кургак учук оорусу бар экенине ишенбей, башка ооруканаларга да барып текшерилип көрдүм. Жыйынтыгы окшош чыга берди. Анан дарылана баштадым. Оорунун бар экенин убагында билип алганыма кубанам”, - деди Арлен.

Сүрөттүн булагы, v
Ал бул ооруну кайдан, кантип жуктуруп алганын өзү да билбейт. Оору убагында билингени үчүн төрт айлык дарылануудан өтүп, сакайганын айтат. Эми ал коомдук жайларда өзүн кандай алып жүрүүнү билет:
“Көчөдөн жуктуруп алсам керек. Азыр досторума да, жакындарыма да көчөдө түкүрбөөнү дайым эскертип келем. Кайдыгерликтин айынан канчалаган адамдар азап тартып жатышат”, - дейт кургак учуктан сакайган Арлен.
Бүгүн кургак учук менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Учурда жер жүзүндө 9 миллиондон ашуун адам бул илдет менен ооруйт. Кыргызстанда болсо мындай оорулуулардын 5700дөйү 2014-жылы катталган. Бул илдет оңой эле жугат. Бирок андан сактануунун жолдору дагы анча татаал эмес. Ал үчүн адамдар жөн гана көрүнгөн жерге түкүрбөшү керек.




























