Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада ийгиликке жетти

Published

Казакстандын Алматы калаасында математика, физика жана информатика боюнча эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадада кыргызстандык төрт окуучу алдыңкы орундарды ээледи.

Олимпиадага 15 өлкөдөн 60 команда катышкан. Алардын ичинде, Казакстан, Орусия, Кыргызстан Болгария, Сербия, Монголия жана башка өлкөлөр бар.

Кыргызстандын атынан “Себат” билим берүү мекемесинин окуучулары физика жана информатика предметтери боюнча коло медалдарга жетти.

Алар: Ош шаарындагы “Сема” лицейинин 11-классынын окуучулары Темирлан Улукбек уулу физикадан коло медаль, Кадырбек Нармаматов информатикадан коло медаль, Зарлык Жусубалиев информатикадан коло медаль, Кадамжай шаарындагы «Семетей» лицеийнин 10-классынын окуучусу Эркин Матказиев информатикадан коло медаль алды.

Он жылдан бери өтүп келе жаткан бул олимпиада Казакстандын белгилүү математиги, академик Орымбек Жаутыковдун ысымын алып жүрөт.

Жалпы медалдардын саны боюнча Казакстан биринчи орун, Орусия экинчи орун жана Сербия үчүнчү орунду алган.